“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ МУГАЛИМИ” НААМЫ ЭҢ БИЙИК БАА, ЭҢ ЧОҢ УРМАТ

  • 22.04.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Мыйзамга кол койду. Документ 2026-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ МУГАЛИМИ” НААМЫ ЭҢ БИЙИК БАА, ЭҢ ЧОҢ УРМАТ

Жаңы мыйзамдын негизги максаты — мамлекетке жана коомго эмгеги сиңген жарандардын салымын жогорку деңгээлде таанып, сыйлоо системасын заман талабына ылайык иретке келтирүү. Бул документ мамлекеттик сыйлыктардын макамын тактап гана тим болбостон, эмгек адамын урматтоонун жаңы баскычын аныктайт.

Мыйзамга ылайык, буга чейин колдонулуп келген сыйлыктардын айрымдары жаңыланып, жалпы системадагы 46 түрдүн ордуна 22 негизги мамлекеттик сыйлык, ардак наам жана сый акы белгиленет. Алардын катарына жаңыдан “Эрдик” ордени, “Ардак” медалы, “Кыргыз Республикасынын жаратманы”, “Кыргыз Республикасынын сыймыгы” сыяктуу наамдар киргизилди.

Ошол эле учурда коомдогу өзгөчө кадыр-баркка ээ болгон бир катар жогорку наамдар сакталды. Алардын арасына “Кыргыз Республикасынын Эл мугалими” наамынын кайтарылышы — билим берүү тармагындагы миңдеген педагогдор үчүн мааниси чоң чечим.

Бул наам жөн гана сыйлык эмес. Ал мугалимдин өмүр бою талыкпай эмгектенип, жаш муунду тарбиялоого кошкон зор салымынын мамлекеттик деңгээлде таанылышы. Ар бир сабакка жүрөгүн арнап, окуучусунун келечеги үчүн күйгөн педагог үчүн “Кыргыз Республикасынын Эл мугалими” наамы эң бийик баа, эң чоң урмат болуп саналат.

Мындай чечим мугалим кесибинин кадырын көтөрүп, жаштарды педагогика тармагына тартууга да күчтүү дем берет. Себеби коом өнүккөн жерде мугалим урматталат, мугалим урматталган жерде келечек бекем болот.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер