“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНӨ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕР” АРДАКТУУ НААМЫН 23 АДАМ АЛДЫ

  • 01.09.2023
  • 0

Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 30-августунда кол койгон “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 23 билим берүү кызматкерине “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамы ыйгарылды.

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНӨ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕР” АРДАКТУУ НААМЫН 23 АДАМ АЛДЫ

Абакиров КурманбеккеЖ. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы;

 

Абдувалиев Абдыганы ОсмоновичкеОш мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар департаментинин директору, математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин колдонмо информатика жана маалыматтык коопсуздук кафедрасынын доценти;

 

Абдувалиев ИбраимгеБ. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору;

 

Айдарбекова Зифаргуль МусулманкуловнагаИ.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын гистология, цитология жана эмбриология кафедрасынын башчысы;

 

Алыбаев Курманбек СармановичкеБ. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациалык технологиялар илимий изилдөө институтунун директору;

 

Алымкулов Самсалы АмановичкеИ. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин  Маалыматык технологиялар институтунун информатика жана эсептөөчү техника кафедрасынын профессору;

 

Батаканова Светлана ТопчиевнагаК.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин мамлекеттик тил жана тарбия  иштери  боюнча  проректору;

 

Бейбутова Рысбюбю АлджамбаевнагаЖ. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы;

 

Бейшембаева Кульнура МукашевнагаЫсык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын № 3 “Ай-Данек” бала бакчасынын директору;

 

Бекбалаев Амангельды АбдыжапаровичкеБ.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин гуманитардык факультеттин деканы;

 

Джолдошбекова СарылкангаБ. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин коомдук маданий иш кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучусу;

 

Исаков Топчубай ЭргешовичкеБ. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору;

 

Искендерова СусаргаК. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун педагогикалык билим берүү жана инновациялык технологиялар кафедрасынын башчысы;

 

Кудайбергенов Төрөбай ТургунбековичкеК.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин биотехнология жана химия кафедрасынын профессору;

 

Курманкожоев Мукамбеталы ЖунушалиевичкеБилим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Нарын райондук комитетинин төрагасы;

 

Мамырова Токтокан МамыровнагаЫсык-Көл облустук билим берүү институтунун мектепти башкаруу жана педагогика лабораториясынын башчысы;

 

Машрапова Гүлай ЭгемназаровнагаОш облусунун Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;

 

Мукамбаев Нурбек ЖээмбаевичкеЭл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын профессору;

 

Омурова Толкун ОмуровнагаЖ. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин социалдык-гуманитардык факультетинин дин таануу жана теология кафедрасынын башчысы;

 

Садыкова Сымбат  ЗарылкановнагаИ. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институтунун немец тили кафедрасынын башчысы;

 

Ташбаев Азизбек МазановичкеМ. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын башчысы;

 

Туркменов МелскеЧүй облусунун Токмок медициналык колледжинин тарых жана коомдук тартиптер сабагынын окутуучусу;

 

Эргешов Абжапар АбдыразаковичкеИ. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география, экология жана туризм факультетинин география жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору;
Бөлүшүү

Комментарийлер