КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА КОРОНАВИРУС МЕНЕН ООРУГАНДАР КАТТАЛГАН ЖОК

  • 10.02.2020
  • 0

2020-жылдын 10-февралына карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус менен ооругандар катталган жок, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.

Республикалык штаб коронавирустун өлкөгө киришин алдын алуу жана республиканын аймагына жайылышына жол бербөө боюнча бардык тийиштүү чараларды кабыл алууда.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасына ылайык даярдалган иш-аракеттердин алгоритми боюнча жүргүзүлүүдө.

Учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынган. Карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалган. Бет каптар, жеке коргоочу каражаттар, респираторлор жетиштүү деңгээлде.

Изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн Улуттук вирусологиялык лаборатория даярдалганын, ал эл аралык стандарттарга дал келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат. Изилдөөлөр үчүн зарыл нерселердин баары бар, лабораториялар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-февралга карата стационардык кароодо 96 киши, жашаган жери  боюнча медициналык кароодо 490 адам бар. Алардын баарынын ден соолугу канааттандырарлык.

Ошондой эле жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  тарабынан 413 орун даярдалган: Нарын облусундагы «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, Ош облусундагы «Иркештам» — 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 183, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт.

Билим берүү жана социалдык мекемелерде вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери улантылууда.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер