Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктары жөнүндө жобо

  • 28.04.2026
  • 0

(Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 20-апрелдеги №3521/1 буйругу менен бекитилген.)

Жалпы жоболор

Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктарынын түрлөрүн, аларды ыйгаруунун, эсепке алуунун жана тапшыруунун тартибин аныктайт.

Ведомстволук сыйлыктар билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген кызматкерлерди материалдык эмес түрдө шыктандыруунун формасы болуп саналат жана билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердүүлүктөгү жогорку көрсөткүчтөрү, билим алуучуларды окутуу жана тарбиялоо боюнча жетишкендиктери, ошондой эле методикалык, илимий, инновациялык ишмердүүлүккө активдүү катышуусу үчүн ыйгарылат.

Ведомстволук сыйлыктарды ыйгаруу «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы (мындан ары – АИС «Мугалим») маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.

Сыйлыкка талапкерлерди эсепке алуу, маалыматтарды иштеп чыгуу жана талапкерлердин тизмесин түзүү АИС «Мугалим» аркылуу автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.

Министрлик тарабынан төмөнкү ведомстволук сыйлыктар белгиленет:

  • Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы;
  • Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Грамотасы;
  • «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси;
  • «Мыкты кызматкер» төш белгиси;
  • «Кызматташтык салымы үчүн» медалы.

6. «Билим берүүнүн мыктысы» жана «Мыкты кызматкер» төш белгилери мамлекеттик сыйлыктардан төмөн, көкүрөктүн оң тарабына тагылат.

Сыйлыкка көрсөтүү жана ыйгаруу тартиби

Ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жылына эки жолу жүргүзүлөт:

Акыркы коңгуроо (жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерин 100 дөн кем эмес сыйлык менен сыйлоо каралган: алардын ичинен «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы» — 50 кем эмес, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси — 50 кем эмес, алардын ичинде : адистештирилген билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине бештен кем эмес сыйлык каралган (Ардак грамота — 3, «Билим берүүнүн мыктысы»-2) окуучуларынын саны 100 аз болгон жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине бештен кем эмес сыйлык каралган, башталгыч класстардын педагогикалык кызматкерлерине 20 кем эмес сыйлык каралган (Ардак грамота — 10, «Билим берүүнүн мыктысы»-10). Сыйлануучулардын тизмеси сыйлоо болжолдонгон күнгө чейин 10 жумушчу күн мурда түзүлөт.

5-октябрь — Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата (бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана педагогикалык эмес кызматкерлерин 3000 кем эмес сыйлык менен сыйлоо каралган): алардын арасында: «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы» — 1400 кем эмес, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси — 1400 кем эмес, «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин грамотасы» — 100 кем эмес, «Мыкты кызматкер» төш белгиси – 100д кем эмес. Сыйлануучулардын тизмеси сыйлоо болжолдонгон күнгө чейин бир ай ( жумушчу күн) мурда түзүлөт.

Сыйлангандардын саны билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин жалпы санына карата тиешелүү билим берүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерлеринин санынын сыйлыктардын санына болгон катышынын негизинде эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Грамотасы менен сыйлоого төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар көрсөтүлөт:

  • билим берүү тармагында жалпы иш стажы 5 жылдан кем эмес;
  • мурда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Грамотасы менен сыйланбаган.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлоого төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар көрсөтүлөт:

  • педагогикалык иш стажы 5 жылдан кем эмес;
  • мурда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинини Ардак грамотасы менен сыйланбаган (ар башка мезгилде).

«Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйлоого төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар көрсөтүлөт:

  • педагогикалык иш стажы 10 жылдан кем эмес;
  • мурда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган (ар башка мезгилде);
  • мурда Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланбаган.
  • «Мыкты кызматкер» төш белгиси билим берүү уюмдарында жалпы иш стажы 5 жылдан кем эмес кызматкерлерге ыйгарылат.
  • Педагогикалык жана педагогикалык эмес кызматкерлер үчүн сыйлыктардын ортосундагы сыйлоого кароо мөөнөтү 3 жылды түзөт.

Сыйлыкка талапкер болгон адам мурда ыйгарылган сыйлыктар жөнүндө маалыматтарды АИС «Мугалим» системасындагы портфолиосунда милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.

«Кызматташтык салымы үчүн» медалы менен сыйлоого билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга олуттуу материалдык салым кошкон (билим берүү уюмдарын куруу, инвестицияларды тартуу, оңдоо иштерин жүргүзүү, инвентарларды сатып алуу, окуучулардын логистикасын камсыздоо ж. б.) жеке жана юридикалык жактар (меценаттар, донорлор, өнөктөштөр, демөөрчүлөр) талапкер боло алышат.

Тандоо критерийлери

Педагогикалык кызматкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйлоого төмөнкүдөй критерийлер жана бирден бешке чейинки баллдар белгиленген:

Жалпы билим берүү (башталгыч, негизги, орто) программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн:

  • Акыркы 5 жыл ичинде 72 сааттан кем эмес көлөмүндө квалификациясын жогорулатуу (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, мамлекеттик жогорку окуу жайлары жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу башка ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан берилген сертификат менен тастыкталган) – 1 сертификат үчүн 5  балл жана ар бир кийинки сертификат үчүн 1  балл;
  • Окуучусу облустук предметтик олимпиаданын жеңүүчүсү (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген): 1-орун – 3 балл; 2-орун – 2 балл; 3-орун – 1 балл. Окуучусу республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүсү (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген): 1-орун – 5 балл; 2-орун – 4 балл; 3-орун – 3 балл;
  • «Жыл мугалими» жыл сайын өткөрүлүүчү сынагынын жеңүүчүсү (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген): облустук деңгээлде – 1-орун 3 балл; 2-орун – 2 балл; 3-орун – 1 балл; республикалык деңгээлде – 1-орун 5 балл; 2-орун – 4 балл; 3-орун – 3 балл;
  • Мамлекеттик билим берүү стандартынын алкагында иштелип чыккан автордук программанын болушу (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген) – 3 балл;
  • Методикалык программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилген):
  • предметтик стандартты иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү – 3 балл;
  • окуу программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү – 3 балл;
  • методикалык колдонмолордун болушу – 3 балл.
  • Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы «Окуу китеби» Басма үйү» мекемесининде эксперт (тиешелүү буйрук менен бекитилген) – 3 балл;
  • Илимий даражасынын болушу: магистр – 3 балл, илимдин кандидаты – 4 балл, илимдин доктору – 5 балл;
  • Методикалык бирикменин жетекчиси – 3 балл.

Жалпы (башталгыч, негизги, орто) билим берүү программаларын ишке ашыруучу адистештирилген билим берүү уюмдарынын жана 1-4-класстарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн:

  • Акыркы 5 жыл ичинде 72 сааттан кем эмес көлөмүндө квалификациясын жогорулатуу (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, мамлекеттик жогорку окуу жайлары жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу башка ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан берилген сертификат менен тастыкталган) – 1 сертификат үчүн 5 балл жана ар бир кийинки сертификат үчүн 1 балл;
  • Мамлекеттик билим берүү стандартынын алкагында иштелип чыккан автордук программанын болушу (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген) – 3 балл;
  • Методикалык программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилген):
  • предметтик стандартты иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү – 3 балл;
  • окуу программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү – 3 балл;
  • методикалык колдонмолордун болушу – 3 балл.
  • Илимий даражасынын болушу: магистр – 1 балл, илимдин кандидаты – 2 балл, илимдин доктору – 3 балл.

Мектепке чейинки программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн:

  • Акыркы 5 жыл ичинде 72 сааттан кем эмес көлөмүндө квалификациясын жогорулатуу (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, мамлекеттик жогорку окуу жайлары жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу башка ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан берилген сертификат менен тастыкталган) – 1 сертификат үчүн 5 балл жана ар бир кийинки сертификат үчүн 1 балл;
  • Жыл сайын өтүүчү «Мыкты тарбиячы» сынагынын жеңүүчүсү (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген): облустук деңгээлде 1 – орун – 3 балл; 2 – орун — 2 балл жана 3 – орун – 1 балл, республикалык деңгээлде (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген) — 1-орун 5 балл, 2-орун-4 балл, 3-орун-3 балл;
  • жыл сайын өтүүчү «Мыкты методист» сынагынын жеңүүчүсү (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген): облустук деңгээлде 1 – орун – 3 балл; 2 – орун — 2 балл жана 3 – орун – 1 балл, республикалык деңгээлде (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген) — 1-орун 5 балл, 2-орун-4 балл, 3-орун-3 балл;
  • Мамлекеттик билим берүү стандартынын алкагында иштелип чыккан автордук программанын болушу (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген) – 3 балл;
  • Методикалык программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилген):
  • предметтик стандартты иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү – 3 балл;
  • окуу программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү – 3 балл;
  • методикалык колдонмолордун болушу – 3 балл.
  • Илимий даражасынын болушу: магистр – 1 балл, илимдин кандидаты – 2 балл, илимдин доктору – 3 балл.

Мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн:

  • Акыркы 5 жыл ичинде 72 сааттан кем эмес көлөмүндө квалификациясын жогорулатуу (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, мамлекеттик жогорку окуу жайлары жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу башка ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан берилген сертификат менен тастыкталган) – 1 сертификат үчүн 5 балл жана ар бир кийинки сертификат үчүн 1 балл;
  • Жыл сайын өтүүчү «Кошумча билим берүүнүн мыкты педагогу» (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген) конкурсунун жеңүүчүсү: облустук деңгээлде 1 – орун – 3 балл; 2 – орун — 2 балл жана 3 – орун – 1 балл, республикалык деңгээлде (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген) — 1-орун 5 балл, 2-орун-4 балл, 3-орун-3 балл;
  • Окуу программасын — 3 балл, окуу куралын – 3 балл, автордук программаны – 3 балл иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилген);
  • Облустук усулдук кеңештердин ишинде катышуучусу – 3 балл, республикалык методикалык кеңештердин мүчөсү – 3 балл;
  • Илимий даражасынын болушу: магистр – 1 балл, илимдин кандидаты – 2 балл, илимдин доктору – 3 балл.

Башталгыч кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн:

  • Акыркы 5 жыл ичинде 72 сааттан кем эмес көлөмүндө квалификациясын жогорулатуу (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, мамлекеттик жогорку окуу жайлары жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу башка ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан берилген сертификат менен тастыкталган) – 1 сертификат үчүн 5 балл жана ар бир кийинки сертификат үчүн 1 балл;
  • Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий методикалык борбору тарабынан тастыкталган автордук иштеп чыгуунун болушу — 3 балл;
  • Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык илимий методикалык борбору тарабынан тастыкталган методикалык колдонмонун болушу — 3 балл;
  • Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан тастыкталган окуу китебинин автору — 3 балл;
  • Предметтик стандартты иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү — 3 балл;
  • Woldskillsсынагынын жеңүүчүсү: биринчи деңгээлдеги 1 – орун – 3 балл; 2 – орун — 2 балл жана 3 – орун – 1 балл, республикалык деңгээлдеги (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген) 1 – орун-4 балл, 2-орун-3 балл, 3-орун-2 балл, эл аралык деңгээлдеги-1-орун 5 балл, 2-орун-4 балл, 3-орун-3 балл;
  • Илимий даражасынын болушу: магистр – 1 балл, илимдин кандидаты – 2 балл, илимдин доктору – 3 балл.

Билим берүү уюмунун педагогикалык эмес кызматкерлери:

  • Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин грамотасы үчүн билим берүү уюмунда жалпысынан 5 жылдан кем эмес стажынын болушу;
  • «Мыкты кызматкер» төш белгиси үчүн билим берүү уюмунда жалпысынан 10 жылдан кем эмес стажынын болушу.
  • Талапкерлердин тизмесин түзүү кызматкердин портфолиосундагы маалыматтардын негизинде жана тандоону баллдын суммалык саны боюнча рейтингдин жыйынтыгы менен АИС «Мугалим» жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоого тандоого катышуу үчүн кызматкердин портфолиосундагы керектүү документтердин тизмеси:

  • паспорттун көчүрмөсү;
  • иштеген жери, айкалыштырып иштеген учурда негизги иштеген жери көрсөтүлүшү керек;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • билими тууралуу документтердин көчүрмөсү;
  • тартиптик жазанын жоктугу жөнүндө маалымкат.
  • Рейтингдин жыйынтыгы боюнча автоматтык түрдө сыйлоо жөнүндө буйруктун долбоору түзүлөт.
  • Бардык сыйлыктар АИС «Мугалим» сыйлыктардын реестринде милдеттүү түрдө эсепке алынууга тийиш.

Реестрде: сыйлануучунун аты-жөнү, жеке номуру (ИНН), иштеген жери, сыйлыктын түрү, датасы жана буйруктун номери камтылат. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги сыйлангандардын тизмесин бекитет жана тандоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылат.

Ведомстволук сыйлык жоголгон учурда сыйлануучунун арызы боюнча дубликат берилиши мүмкүн.

Министрдин чечими менен сыйлоо башка тартипте каралышы мүмкүн.

Системанын операторлору маалыматтарды киргизишет жана текшеришет, маалыматтын аныктыгын камсыз кылышат.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин грамотасы, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы, «Билим берүүнүн мыктысы», «Мыкты кызматкер» төш белгилерине күбөлүктөр электрондук түрдө тез жооп берүү коду менен (QR-код) берилет жана кызматкердин портфолиосунда автоматтык түрдө көрсөтүлөт.

Корутунду жоболор

24. Ушул Жобо бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

25. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен киргизилет.

26. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууга тийиш.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер