“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ПЕДАГОГИКАНЫН УЛУТТУК МОДЕЛИ” СУНУШТАЛДЫ
- 28.05.2025
- 0
2025-жылдын 27-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана жогорку окуу жайлардын көч башы болгон уңгулуу окуу жайдын 100 жылдыгына арналган “Ааламдашуу доорундагы улуттук педагогиканын абалы, өнүгүү тенденциялары” аттуу эл аралык педагогикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын негизги максаты
Улуттук педагогиканын учурдагы абалын талдоо, глобалдык өзгөрүүлөр шартында өнүгүү багыттарын аныктоо, билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү жана Кыргызстан менен чет өлкөлөрдүн илимпоз-педагогдору ортосунда илимий кызматташтыкты чыңдоо. Кыргыз Республикасындагы заманбап талаптарга жооп бере турган педагогиканын улуттук моделин иштеп чыгып, сунуштоо.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын 17 жана чет элдик 7 жогорку окуу жайларынын көрүнүктүү илимпоз-педагогдору, окумуштуулары, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, Кыргызстан педагогдор коомунун мүчөлөрү, мектеп жетекчилери, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин жетекчилери, практик мугалимдер, катышты.
Иш-чара И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун бүтүрүүчү курсунун студенттеринин мугалимдердик кесипке аттануу алдындагы ант берүү салтанаты менен башталды. Ант берүү салтанаты куттуу окуу жайдын башкы имаратынын алдында ректордун, жалпы жетекчилердин, коноктордун жана окутуучу-профессордук курамдын катышуусу менен өттү.
Конференцияны Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору г.и.д., профессор Д.Т.Чонтоев ачып, «Ааламдашуу доорундагы улуттук педагогиканын абалы, өнүгүү тенденциялары” темасынын алкагында баяндамасын окуп, катышуучуларды кызуу куттуктады.
Иш-чаранын модераторлук милдетин И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, п.и.д., профессор Р.Т. Сулайманова аткарды.
Конференция Жусуп Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдык тарыхы жана азыркы учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу видеотасмасы менен башталды.
Негизги баяндамалар:
- Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору, КР УИАнын корр.-мүчөсү п.и.д., “Кыргызстан педагогдор коомунун төрагасы” Э.М. Мамбетакунов “Кыргыз Республикасындагы педагогиканын тарыхы жана андан алынуучу сабактар” аттуу баяндамасында улуттук педагогиканын калыптанышындагы тарыхый этаптар жана учурдагы реформаларга болгон таасири тууралуу баяндады.
- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору, п.и.д. Н.А. Асипова “Кыргыз Республикасындагы педагогиканын улуттук модели” темасындагы баяндамасында заманбап коомдун талаптарына жооп бере турган педагогиканын улуттук моделин сунуштап, анын негизги түзүмдөрүн жана мазмундук өзгөчөлүктөрүн так көрсөттү.
- Казакстан Республикасынын Л.Н. Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетинин профессору, п.и.д. К.Р. Калкеева — “Историко-педагогическая память — эффективная модель взаимодействия поколений” темасындагы баяндамасында муундар аралык байланышта тарыхый-педагогикалык эстеликтердин маанилүүлүгүн белгилеп, тарбия процессинде муундар тажрыйбасын пайдалануунун теориялык жана практикалык негиздерин ачып берди.
- Казакстан Республикасынын М.Х.Дулати атындагы Тараз университетинин «Педагогика» кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор К.Д. Бузаубакова “Модернизация системы педагогического образования Республики Казахстан: инновационная модель подготовки педагогических кадров” темасындагы баяндамасында Казакстандын педагогикалык билим берүү тутумундагы реформалар, жаңы методикалык ыкмалар жана мугалимдерди даярдоонун инновациялык моделин сунуштады.
Конференциянын урунттуу учуру же сунушталган педагогиканын улуттук модели
Конференциянын эң өзөктүү окуясы мына ушул болуп саналды. “Кыргыз Республикасындагы педагогиканын улуттук модели” көрүнүктүү педагог окумуштуу, куттуу окуу жайыбыздын сыймыгы Н.А.Асипова тарабынан иштелип чыгып, сунушталды. Моделдин презентациясында окумуштуу-педагог:
- Кыргыз Республикасындагы педагогиканын улуттук моделин иштеп чыгуунун зарылдыгы
- “Дүйнөлүк бийиктик Унгужол доктринасы” (2024) КР педагогиканын улуттук моделинин илимий пайдубалы катары
- Кыргызстан жаранын калыптандыруу – улуттук Унгужолдун негизги максаты
- Кыргызстандагы педагогиканын улуттук модели жана аны ишке ашыруу механизмдери тууралуу маселелерди алып чыкты.
Конференциянын катышуучулары, Кыргызстандын жана Казакстандын педагогика илимдеринин белгилүү окумуштуулары сунушталган Кыргыз Республикасындагы педагогиканын улуттук моделинин мыкты деңгээлде даярдалгандыгы тууралуу өз пикирлерин билдиришип, бул моделди даярдоо замандын талабы экендигин баса белгилешти. Сунушталган моделди ишке ашыруу боюнча өз сунуштарын беришти.
Университеттин тарыхын чагылдырган маалыматтык жана студенттик стартап долбоорунун көргөзмөлөрү
Иш-чарада башкы окуу имаратынын кире беришинде (1-кабатында) И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун студенттеринин стартап долбоору боюнча даярдалган кол өнөрчүлүк буюмдардын көргөзмөсү тартууланды. Бул стартап долбоору окуу жайда өткөрүлгөн конкурста башкы байгеге ээ болгон.
Ал эми 2-кабаттагы Улуттук университетинин калыптануусунун, өнүгүүсүнүн тарыхый өсүү жолун чагылдырган маалыматтык көргөзмө жалпы катышуучулардын көңүл борборун ээледи.
Секциялык жыйын
Конференцияга жалпы 133 илимий макала сунушталып, алар төмөнкү 7 тематикалык секцияда талкууланды.
Секциялык иштердин негизинде төмөнкүдөй жыйынтыктар чыгарылды:
- Этнопедагогика жана улуттук таалим-тарбия багытында – улуттук баалуулуктарды, үрп-адаттарды, маданий мурастарды билим берүү мазмунуна интеграциялоо зарылдыгы белгиленди.
- Жогорку педагогикалык билим берүү жаатында – заманбап мугалимди даярдоодо компетенттүүлүккө негизделген, технологиялык сабаттуулукка жана чыгармачылыкка багытталган жаңы моделдер иштелип чыгышы керектиги белгиленди.
- Инновация жана санариптешүү боюнча – билим берүү процессинде интерактивдүү ыкмаларды, санарип платформаларды кеңири пайдалануу сунушталды.
- Мектепке чейинки жана мектеп педагогикасы боюнча – бала борбордуу окутуу, индивидуалдык мамиле жана методикалык ыкмаларды адаптациялоо зарылдыгы көрсөтүлдү.
- Он эки жылдык билим берүү боюнча – дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алуу менен Кыргызстандын шарттарына ылайыкташкан, ар тараптуу өнүгүүнү камсыздаган программаларды ишке ашыруу сунушталды.
- Социалдык-гуманитардык билим берүү боюнча – жарандык тарбия, критикалык ой жүгүртүү, маданий ар түрдүүлүккө сый мамиле темаларына өзгөчө көңүл буруу зарыл экени айтылды.
- Табигый билим берүү боюнча – илимий-изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун өркүндөтүү, табигый билимдерди практикада колдонуунун технологияларын иштеп чыгуу үчүн инженериянын принциптерин жана математикалык методдорду пайдаланууну өнүктүрүү жана окутуунун практикалык багытын тереңдетүү сунушталды.
Илимий баяндамалар педагогика илиминдеги актуалдуу темаларды козгоп, маанилүү жана практикалык жактан баалуу болду.
РЕЗОЛЮЦИЯ
Пленардык жана секциялык иштерде актуалдуу маселелер айтылып, суроолор берилип кызуу талкуулар жүрүп, конференциянын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды:
- Конференциянын жыйынтыгы боюнча сунуштар:
- Кыргызстандын билим берүү тутумунда сунушталган улуттук педагогикалык моделди кабыл алып, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү стратегиялык кадамдарды жасоо;
- Жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер ортосундагы эл аралык кызматташтыкты күчөтүү;
- Педагогикалык кадрларды даярдоодо жана кайра даярдоодо заманбап талаптарга жооп берген инновациялык программаларды жайылтуу;
- Этнопедагогикалык баалуулуктарды билим берүү системасына системалуу түрдө интеграциялоо;
- Конференциянын материалдарын Ж. Баласагын атындагы КУУнун Жарчысына чыгаруу, илимий чөйрөгө жеткирүү, массалык маалымат каражаттары аркылуу педагогикалык коомчулукка жайылтуу.
Конференциянын катышуучулары резолюцияны бир добуштан кабыл алышты жана анын негизинде практикалык иштерди улантууну макулдашышты.
Материалды даярдагандар:
Г.АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”,
Р.СУЛАЙМАНОВА, И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин директору, п.и.д., профессор,
А.ЖУМАТАЕВА, п.и.к., доцент
Комментарийлер