КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ЛЕГЕНДАСЫ БЕКТУР ИСАКОВДУ КООМЧУЛУК «ЭЛ БААТЫРЫ» НААМЫНА КӨРСӨТҮҮНҮ ДЕМИЛГЕЛӨӨДӨ

  • 01.07.2026
  • 0

КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ЛЕГЕНДАСЫ БЕКТУР ИСАКОВДУ КООМЧУЛУК «ЭЛ БААТЫРЫ» НААМЫНА КӨРСӨТҮҮНҮ ДЕМИЛГЕЛӨӨДӨ

Элдин келечеги — анын билимдүү, тарбиялуу жаштарында. Ал эми ошол келечекти өз колу менен куруп, өмүрүнүн жарым кылымдан ашуун убактысын кыргыз агартуу майданына арнаган залкар инсандарыбызды убагында баалоо — коомдун да, мамлекеттин  да парзы. Бүгүн коомчулукта чоң жаңырык менен көтөрүлүп жаткан демилге — Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Бектур Исаков агайга «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» эң жогорку мамлекеттик наамын берүү сунушу — бул улуттук билим берүүнүн кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган тарыхый кадам.

Бектур Исаков — жөн гана мугалим эмес. Ал -бүтүндөй бир доорду тарбиялаган, кыргыз педагогикасынын пайдубалын түптөгөн улуу устат. Анын агартуучулук чыйырына 56 жылдан ашуун убакыт толду. Бул жылдар ичинде агай миңдеген мекенчил жаштарды гана тарбиялабастан, кыргыз мектептеринин мазмунун байыткан 56 окуу китептин, усулдук колдонмолордун жана 300дөн ашуун илимий-методикалык макалалардын автору болду. Анын калеминен чыккан эмгектер бүгүнкү күндө да ар бир кыргыз мугалиминин иш үстөлүндөгү эң баалуу куралы болуп кызмат кылып келет.

Бектур агайдын кыргыз тили, адабияты жана улуттук баалуулуктарды жаш муундун аң-сезимине сиңирүүдөгү усулдары — Ата мекендик педагогиканын алтын фонду. Мамлекет агайдын бул эмгегин буга чейин «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими» наамы, «Даңк» медалы, «Ардак белгиси» ордени менен жогору баалаган. Бирок агартуучунун жарым кылымдык өмүрлүк эмгеги, элдин руханий азыгына айланган даанышмандыгы — Исаковду элдин чыныгы Баатыры катары эбак эле тааныткан.

Бүгүн коомчулук, мугалимдер жамааты жана зирек окурман катмары ушул демилгени бир добуштан колдоп чыгууда. Анткени «Эл Баатыры» наамы — бул бир гана эрдик көрсөткөндөргө эмес, улуттун эртеңки күнү үчүн өмүрүн шам чырактай эриткен улуу агартуучуларга бериле турган эң бийик баа болушу шарт.

Бектур Исаков агай — кыргыздын Януш Корчагы, Сухомлинскийи. Анын ысымы жана эмгеги «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» деген наамга ар тараптан төп келет жана толук татыктуу! Элдин үнү, коомдун баасы мамлекет башчысы тарабынан колдоо табат деп ишенебиз.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер