КЫРГЫЗ-ПАКИСТАН БИЗНЕС-ФОРУМУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА БИР КАТАР МЕМОРАНДУМДАР ЖАНА КЕЛИШИМДЕР ТҮЗҮЛДҮ

  • 22.12.2020
  • 0

10-11-декабрда Бишкек шаарында Коргоо жана инвестицияларды тартуу агенттиги, Билим берүү жана илим министрлигинин катышуусу менен “Жибек Жолун кайра ойлонуу: Кыргызстан менен Пакистан өз ара байланыш доорунда” аттуу кыргыз-пакистан бизнес-форуму болуп өттү. Бизнес-форум Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жана Лахор Тынчтыкты Изилдөө Борборунун (Лахор ш., Пакистан) демилгеси менен өттү.

Форумдун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Билим берүү жана илим министри, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри жана өлкөнүн башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Бизнес-форумдун алкагында, 2020-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Пакистан тараптан Лахор тынчтыкты изилдөө борбору биргеликте уюштурган тегерек стол болуп өттү.

Бул иш-чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү болду. Тегерек столдун ишине кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Н.К. Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Н.К. Өмүров, ошондой эле Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.К. Өмүров саламдашуу сөзүндө илимий-техникалык прогресстин шарттарында жаңы технологиялардын, билим берүүнүн тездик менен өнүгүшү стратегиялык мааниге ээ болуп жаткандыгын белгилеп, бүгүнкү тегерек столдун жемиштүү жана өз ара пайдалуу натыйжаларына үмүттөнөрүн билдирди.

Тегерек столдун жыйынтыгында билим берүү жана илим жаатында кызматташуу боюнча төмөнкү Меморандумдар жана келишимдер түзүлдү:

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Лахор медициналык илимдер университетинин (Пакистан) ортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Лахор тынчтыкты изилдөө борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  3. Кыргызстан Эл аралык университети менен Медициналык илимдер университетинин (Лахор, Пакистан) ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  4. Кыргыз экономикалык университети менен Лахордогу Тынчтыкты изилдөө борборунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  5. Евразия эл аралык медицина университети менен Лахор университетинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  6. Евразия эл аралык медицина университети менен Түштүк Азия университетинин (Лахор, Пакистан) ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер