КЫРГЫЗ-ОРУС РЕКТОРЛОРУНУН III ФОРУМУ
- 10.10.2023
- 0
2023-жылдын 13-октябрында Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз-Орус ЖОЖ ректорлорунун III форуму өз ишин баштайт.
Форумдун максаты билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан жана Россиянын билим берүү тутумун интеграциялоо жана кадрларды биргелешип даярдоо маселелерин талкуулоо болуп саналат.
Тиешелүү министрликтердин жетекчилери, Кыргызстандын жана Орусиянын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү аймактарды өнүктүрүүдө ЖОЖдордун ролун, эки өлкө ЖОЖдорунун кызматташтыгын, атап айтканда, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүк долбоорлорун, жогорку окуу жайлардын биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, илимий изилдөө иштерин, квалификацияны жогорулатуу программаларын жана кесиптик кайра даярдоо программаларын, жаштар форумдарын, жайкы жана кышкы мектептерди уюштурууну талкуулашат.
Форумдун уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Россия Федерацисынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ассоциациясы, Россиянын ректорлор союзу, Ош Мамлекеттик университети, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети.
Форумдун сайты: https://forum.oshsu.kg/
Маалымдама:
2019-жылдын март айында Бишкек шаарында Россиянын Президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖ ректорлорунун биринчи форуму өткөн.
2022-жылдын 8-июнунда Екатеринбург шаарында Борис Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин базасында IX орус-кыргыз аймактар аралык конференциясынын алкагында Орусиянын жана Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлорунун II форуму болуп өткөн.
Комментарийлер