КЫРГЫЗ-ОРУС МЕКТЕПТЕРИНИН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ

  • 01.09.2023
  • 0

Бүгүн, өлкө башчы Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен онлайн форматтагы жолугушуу өткөрүп, кыргыз-орус мектептеринин үчөөнүн курулушуна старт берилди.

КЫРГЫЗ-ОРУС МЕКТЕПТЕРИНИН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ

 Эки тараптуу макулдашууга ылайык, Россия Кыргызстанга тогуз мектеп куруп берет. Алардын үчөөнүн курулуш иштерине бүгүн старт берилип, капсулалары салынды. Ал эми мектептер келерки жылы салынып баштайт.

Ишке киргизүү аземин ачып жатып, Садыр Жапаров 2025-жылдын 1-сентябрына карата бул мектептер кыргызстандык окуучулар үчүн эшигин ачарын белгиледи.

“Бүгүн Кыргызстандын жана Россиянын бардык мектептери эшигин кенен ачып, окуучуларды кабыл алууда. Өлкөбүздө 150 миңден ашык окуучу мектеп босогосун биринчи жолу аттады. Өлкөбүздүн ар бир облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында Владимир Владимировичтин жеке колдоосу менен ар бири 1224 орунга эсептелген 9 заманбап мектеп курула турганын кубанычтуу белгилеймин. Мектептер бардык зарыл нерселер менен камсыздалат, анын ичинде жогорку технологиялык жана заманбап жабдуулар, бассейндер, спорттук эс алуу жайлары”, — деди Садыр Жапаров.

Мектептер: Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө, Ош облусунун Прогресс айылында, Жалал-Абад шаарында, Талас шаарында, Чүй районунун Новопавловка айылында, Нарын району Кеңеш айылында жана Каракол шаарында жайгашат.

Мектепти куруунун биринчи этабы Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында башталат. Ар бир мектеп 1224 окуучуга ылайыкталып, жалпы 11 миңден ашуун окуучу билим алат.

Орусиянын Агартуу министрлиги тарабынан орус жарандары жетекчи катары дайындалып, орус тилинде окутулат. Ар бир мектепте спорт аянтчалары, бассейндер, чуркоо жана оюн аянтчалары бар төрт корпус камтылат.

Курулуш иштери толугу менен Орусиянын эсебинен жүргүзүлүп, болжолдуу түрдө 450 миллион рубль жумшалмакчы. Кыргызстандын бийлиги тарабынан үч гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Жыл сайын үчтөн мектептин курулуп, тогуз мектеп үч жылдын ичинде салынып бүтөрү пландалууда.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер