КЫРГЫЗ-ОРУС ИННОВАЦИЯЛЫК ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАРМАНКЕСИ

  • 18.08.2024
  • 0

19-20-августта ЫсыкКөлдө Билим берүү жана илим министрлиги алгачкы кыргызорус инновациялык жетишкендиктер жарманкесин өткөрөт.

Жарманкеге Орусиядан Россия Федерациясынын Президентинин иш башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысынын орун басары Антон Рыбаков, Агартуу министринин биринчи орун басары Александр Бугаев, Илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Ольга Петрова баш болгон жүз элүүгө жакын киши катышат. Эки күнгө созулган бул жармаңкеде эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмө, мастер-класстар өтүп, “Технологиялык лидерликке жетишүүдөгү билим берүүнүн орду”, “Педагогикалык кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү инновациялар” жана “Билим берүү процессиндеги санарип чечимдер” деген секцияларда кызуу талкуулар болот. Кыргызстан тараптан Жогорку технологиялар паркы, Инновациялык борбор, Улуттук илимдер академиясы жана бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейинки алдыңкы билим берүү мекемелери өздөрүнүн илимий жана инновациялык жетишкендиктерин тартуулашат.

Бөлүшүү

Комментарийлер