КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ
- 16.06.2023
- 0
“Билим берүүнү санариптик трансформациялоо шартында педагогдун заманбап компетенциялары” аттуу эл аралык форуму өтүүдө.
14-июнда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Билим берүүнү санариптик трансформациялоо шартында педагогдун заманбап компетенциялары” аттуу эл аралык форуму башталды. Иш-чараны расмий түрдө ректор Айгүл Абдраева ачып берип, өзүнүн сөзүндө “форумдун максаты – бул эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана билим берүүнүн санариптик чөйрөсүн түзүүдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо” экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, ректор “эл аралык кызматташтык биз үчүн абдан маанилүү, анткени ушундай эл аралык мамилелердин аркасында биз чет өлкөлүк окуу жайлардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрө алабыз”, — деп айтып өттү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек Расул уулу аталган форум билим берүү тармагында өтө актуалдуу экенин баса белгиледи.
Форумдун алкагында катышуучуларга Искусство жана дизайн факультетинин сүрɵт кɵргɵзмɵсү болду жана Искусство жана дизайн бɵлүмүнүн “Чыгыш сырлары”, “Кыргыз каганаты” аталышындагы этно-коллекциялары тартууланды.
Бүгүн, 15-июнда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган эл аралык форуму Чолпон-Ата шаарында уланууда. Анда окуу жайдын Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова модератордук кызматты аткарууда.
Форумда темага байланыштуу кызыктуу баяндамалар жасалып, «Мугалимдин санариптик окутуу технологияларын ишке ашырууга даярдыгын калыптандыруунун педагогикалык шарттары», «Илим жана билим берүүнүн заманбап проблемалары» дисциплинасынын алкагында деген темаларда презентациялар болду.
Эл аралык форумга Корея Республикасындагы Кёнгвун университетинин эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун директору Жу Янг Чун, Индиядагы Шарда университетинин ректору, профессор Прамод Кумар, Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын өкүлү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Светлана Сучкова, И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Анна Бударина, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин өкүлү Жеңишкүл Хулхачиева, Япониядагы «Next Seed» компаниясынын президенти Такахара Дайсуке жана Кыргызстандагы окумуштуулар катышууда.
Комментарийлер