КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 13.01.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жаңы дайындоо орун алды.

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ ДАЙЫНДАЛДЫКыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 38-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобосуна ылайык, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана  искусство университетинин ректору кызмат ордун ээлөө үчүн ачык сынак жүргүзүлүп, эң жогорку баллга ээ болгон Колдошов Түмөнбай Рахманович Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттикмаданият жана  искусство университетинин ректору кызматына 2023-жылдын 11-январынан тартып дайындалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер