КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИН ТҮПТӨӨЧҮЛӨРГӨ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 23.11.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде тарых барагындагы беделдүү инсандардын эмгегин эскерген “Мамлекеттүүлүккө карай тарыхый кадам: Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.  

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИН ТҮПТӨӨЧҮЛӨРГӨ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө куттуктоо сөздөрү сүйлөнүп, аны улай көрүнүктүү тарыхый инсандардын тарыхый тагдырын чагылдырган документалдык тасма көрсөтүлдү. Андан соң пленардык жыйын менен уланып, анда Президенттин аппаратынын алдындагы “Мурас” фондунун төрагасы, т.и.к., профессор Кыяс Молдокасымов  “Өлкө бүтүндүгү, келечеги үчүн күрөшкөн Ж.Абдрахманов”,  Президенттин кеңешчиси, ю.и.д. Бекбосун Борубашев “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиз салуучусу Ж.Абдрахманов”,  ф.и.д., профессор Ташболот Садыков “К.Тыныстановдун кыргыз тил илиминдеги мурастары”, ф.и.к., “Ала-Тоо” эл аралык университетинин доценти Нурзат Казакова “К.Тыныстанов: доор жана адам”, т.и.д., профессор Б.Абытов “30 жылдагы 30 олуттуу окуя” деген темаларда баяндамаларды жасашты.

Секциялык иштер Ж.Абдрахманов жана  К.Тыныстановдун ишмердүүлүгүнө, руханий мурастарына жана алардын эмгектерине тарыхый баа берүү багытында даярдалган макалалар окулду. Ошондой эле учурдагы гуманитардык, табигый жана  так илимдердин актуалдуу маселелери тууралуу да баяндамалар  жасалып, секциялык иштердин жыйынтыгы менен конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

Соңунда конференциянын активдүү катышуучуларына жана мыкты макала ээлерине сертификаттар  тапшырылды.

Белгилей кетсек конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 11-февралындагы “Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө” жөнүндөгү жарлыгына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана алгачкы кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата окуу жайдын кыргыз тили жана адабияты, тарых кафедрасы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер