КЫРГЫЗ-КЫТАЙ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАШТЫГЫ

  • 24.04.2025
  • 0

2025-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов Бээжин чет тилдер университетинин (BFSU) ректору Цзя Вэньцзян менен жолугушту

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАШТЫГЫ

Иш-чарада билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Айрыкча, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоорду ишке ашыруу үчүн синхрондуу котормочуларды даярдоого басым жасалды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Бээжин чет тилдер университети ортосунда 2025-жылдын май айында Кытайга министр Догдуркул Кендирбаева башында турган делегациянын визити учурунда кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюу пландары каралды. Бул кадам кадрдык потенциалды чыңдоого жана ири инфраструктуралык долбоордун талаптарына жооп берген билим берүү программаларын өнүктүрүүгө багытталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер