«КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИНИН» ЖАҢЫ ТОЛКУНУ ПАЙДА БОЛОТ”: А.КАСЫМАЛИЕВ МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КУТТУКТАДЫ
- 02.11.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев маданият тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
«Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери!
Кадырлуу чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү!
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Маданият – улуттун жүзү, мамлекеттин руханий тиреги жана элдин тарыхый эс тутуму. Өзүнүн тилин, тарыхын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын сактаган эл гана дүйнөлүк цивилизацияда өз ордун татыктуу таба алат.
Кылымдарды карыткан бай тарыхы, «Манас» эпосу, залкар күүлөрү, элдик ырлары, адабияты, кол өнөрчүлүгү жана кайталангыс көркөм өнөрү менен кыргыз эли дүйнөгө таанылып келет. Бул баа жеткис мурасты сактап, өнүктүрүп, кийинки муундарга өткөрүп берүүдө сиздердин эмгектин орду өзгөчө.
Илим менен техника уламдан улам өнүгүп, индустриализациянын деми менен дүйнө жүзүндө экономикалык интеграциянын биринчи толкуну күчүнө киргенде Европа элдеринин илими жана маданияты үстөмдүк кылып, адабият, театр, опера жана балет, киноискусство алардын стандарты менен башка континенттерге, башка элдерге тараган. Азыркы мезгилде дүйнө элдери замандын көөрүгүндө темирдей эрип, камырдай жуурулуп жатканда ааламдашуунун жаңы толкуну элибиздин тилин, маданиятын, искусствосун жаңы сыноолордон өткөрүүдө.
Элибиздин таланттуу уул-кыздары өткөн кылымда элибиз үчүн жаңылык болгон жазма адабият, профессионал театр, киноискусствону абдан жакшы өздөштүрүп, «кыргыз керемети» аталган эң мыкты чыгармаларды жаратышкан эле. 100 жылдык мааракеси болуп жаткан кыргыз профессионал театрынын артисттери жараткан образдар, ариялар өзүнчө легендага айланганын белгилеп кетүү керек.
Бир кылым аралыгында улуттук театрыбыз элибиздин тарыхын, тагдырын, каада-салтын жана руханий дүйнөсүн сахнада чагылдырып, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн татыктуу орун алды. Бул – залкар инсандардын жана бир нече муун театр ишмерлеринин күжүрмөн эмгегинин натыйжасы.
Ушул тарыхый мааракеге байланыштуу кыргыз театрынын өнүгүшүнө салым кошкон бардык инсандарга терең урматымды билдирип, профессионал театрыбыздын 100 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Акыркы 5 жылдын ичинде мамлекет тарабынан маданиятты жана искусствону өнүктүрүү, чыгармачыл демилгелерди колдоо, улуттук мурастарды сактоо максатында маданий мекемелерди кеңири масштабда модернизациялоо иштери жүргүзүлдү. «Айтматов ааламы» маданий-мемориалдык комплекси, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы имараты, Нарын шаарында жана Ак-Талаа районунда маданият борборлору ж.б.
2024-жылы жазында «Кыргыз улуттук «Манас» театры үчүн 300 орундуу жаңы имарат курулду.
Олуттуу оңдоп-түзөө жана реконструкциялоо иштеринен кийин Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры, Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки, Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры кайрадан эшигин ачты.
Мамлекет маданиятты өнүктүрүүгө, маданий мекемелердин ишмердүүлүгүн илгерилетүүгө, искусство чыгармаларын жаратууга жана жайылтууга, керектүү шартарды түзүүгө жалпысынан ар жыл сайын 6-10 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүп жатат.
Быйыл Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытып, өлкөбүздүн эл аралык аброюн чыңдоо багытындагы олуттуу кадам болду. Дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндөгү калктын көңүл борборунда болгон бул оюндар, этнографиялык жана маданий конкурстар дүйнө жүзүнө кыргыз маданиятын, жалпы эле көчмөндөр цивилизациясын даана көрсөттү.
Урматтуу маданият жана искусство кызматкерлери!
Сиздердин эмгегиңиздер – элибиздин руханий байлыгы, чыгармачылык ийгилигиңиздер – улуттук маданиятыбыздын сыймыгы.
Маданиятыбызды сактоого, өнүктүрүүгө жана дүйнөгө таанытууга кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Жакынкы жылдарда кыргыз искусствосунда эң мыкты чыгармалар жаралып, «кыргыз кереметинин» жаңы толкуну пайда болот, азыркы муундун таланттары мурунку даңазалуу муундан кем калышпайт деген ишенимди билдирем.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, чыгармачылык дем жана жаңы ийгиликтерди каалайм! Сиздердин чыгармаларды татыктуу баалай алган, барктай алган окурмандар, көрүүчүлөр көп болсун!
Кесиптик майрамыңыздар жана кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык мааракеси кут болсун!
Кыргыз маданияты өнүгүп-өсө берсин! Улуттук өнөрүбүздүн даңкы дүйнөгө таанылсын! Бар болуңуздар!»