КЫРГЫЗ-КАЗАК ПСИХОЛОГИЯ ИЛИМИНЕ КЫЗМАТТА
- 19.11.2024
- 0
Кыргыз-Орус билим берүү академиясынын ректору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан психологдорунун улуттук коомунун төрайымы, психология илимдеринин доктору, профессор Чынара Шакеева Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде КазГУнун 90 жылдыгына жана профессор К.Жарыкбаевдин жаркын элесине арналган “Психология илими жана билими: тарыхтан келечекке” деген аталыштагы II К.Жарыкбаев окуусуна катышып келди.
Профессор пленардык жыйында куттуктоо сөзүн сүйлөдү жана “Профессор К.Жарыкбаев Борбордук Азиядагы мамлекеттер аралык психология илиминин калыптанышында жана өнүгүшүндө” деген темада доклад жасады.
Чынара Шакеева КазМУ менен 20 жылдан ашык убакыттан бери жакындан кызматташып, Казакстанда психология боюнча илимий кадрларды – психология илимдеринин докторлорун жана кандидаттарын даярдоого зор салым кошуп келатат. Профессордун көп жылдык үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, Казакстан менен Кыргызстандын, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ал Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин “Ерен Енбегі үшін” медалы менен сыйланды.
Казактын көрүнүктүү психологу жана педагогу, психология илимдеринин доктору, педагогика илимдеринин доктору, Казакстан Республикасынын илим жана техникага эмгек сиңирген ишмери, Ы.Алтынсарин жана А.Байтурсынов атындагы сыйлыктын лауреаты, Аль-Фараби атындагы казак улуттук университетинин Абу Насыр күмүш медалынын ээси Кубигул Бозаевич Жарыкбаев (1927-2021) казакстандык окумуштуулардын, психологдордун жана практик мугалимдердин бир нече муунун даярдаган.
К.Жарыкбаевдын жетекчилиги астында 4 илимдин доктору, 18 илимдин кандидаты жана бир PhD доктору ийгиликтүү коргогон.
Кубигул Бозаевичти Казакстанда этнопсихология менен этнопедагогиканын, психология тарыхынын негиздөөчүсү деп атоого толук негиз бар. Ал казак психологиялык мектебинин калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон окумуштуу катары “элдик психология”, “этнопсихология” сыяктуу түшүнүктөрдүн мазмунун кеңейтип, илимий жүгүртүүгө “көчмөндөр психологиясы», «аксакалдар-насаатчылардын психологиясы” түшүнүктөрүн киргизген.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер