КЫРГЫЗ ИЛИМИ ЧОҢ ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ

  • 21.04.2026
  • 0

КЫРГЫЗ ИЛИМИ ЧОҢ ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ2026-жылы 21-апрелде техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын академиги, Эл аралык инженердик академиянын мүчө-корреспонденти, Чүй университетинин ардактуу профессору Абдылдаев Мукаш Юнушалиевич узак ооруудан кийин 95 жаш курагында дүйнө салды. Кыргыз эли мыкты уулунан, техника илими таасын изилдөөчүдөн, таланттуу окумуштуудан, билим берүү майданы мыкты педагогдон, жаштар кеменгер кеңешчиден, достору татыктуу жолдоштон, үй-бүлөсү мыкты атадан, жакшы адамдан айрылды. Мукаш Юнушалиевичтин өмүр жолу, талыкпаган эмгеги кийинки муундарга ар дайым өрнөк.
Абдылдаев Мукаш Юнушалиевич 1932-жылы 15-апрелде Кемин районунун Жол-Булак айылында туулган. 1938-1948-жылдары Жол-Булак айылындагы Калинин атындагы толук эмес орто мектебин, андан кийин Кичи-Кемин айылындагы Кичи-Кемин орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 1948-1952-жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинин физика бөлүмүндө окуп, физика мугалими квалификациясына ээ болгон.
Эмгек жолун 1952-1954-жылдары Калинин районуна караштуу (Кара-Балта шаарында) №2-орто мектепте математика жана физика мугалими болуп баштаган. 1954-1955-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин теориялык физика кафедрасынын ассистенти жана улук лаборанты, 1955-1958-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кабардин-Балкар мамлекеттик университетинин аспиранты болгон (Нальчик шаарында). 1958-1959-жылдары Кабардин-Балкар университетинин Теориялык жана эксперименталдык физика кафедрасынын окутуучусу, Нальчик шаарындагы СССРдин илимдер Академиясына караштуу Колдонмо геофизика институтунун Эльбурстук экспедициясында кенже илимий кызматкери, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) математика кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген. 1959-2020-жылдары Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу филиалынын деканы, Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы Мамлекеттик университетинин улук илимий кызматкери (докторанты), К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл-чарба институтунун “Жогорку математика жана теориялык механика” кафедрасынын башчысы, Фрунзедеги Авто жолдор техникумунун директору, Фрунзеде политехникалык институтунун доценти, Кыргыз тоо-кен институтунун доценти, Чүй университетинин профессору, проректору, Балыкчыдагы “Менеджмент жана укук” институтунун проректору жана профессору, Ж.Баласагын атындагы университетинин Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун профессору, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика жана математика факультетинин Магистратура бөлүмүнүн профессору болуп үзүрлүү эмгектенген.
Мукаш Юнушалиевич окуткан кадрлар Мамлекетибиздин булуң бурчтарында, илим чөйрөсүндө, мамлекеттик башкаруу органдарында иштеп келе жатышат.
1967-жылы Москва шаарында “Исследование некоторых случаев истечения жидкости из сосуда с препятствием на оси”, — деген темада кандидаттык ишин ийгиликтүү жактаган. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын “Автоматика жана маалыматтык технологиялар” институтунда “Математическое моделирование некоторых гидродинамических процессов при струйном течении жидкости”,- деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.  Илим жолунда дүйнөгө белгилүү окумуштуулар: физика-математика жана техника илимдеринин доктору, профессор Ф.И.Франкль (илимий жетекчиси), профессор О.В.Голубева, профессор М.И.Хмельник, профессор Х.А.Рахматулин, академиктер А.А.Христианович, Р.Н.Алексеева, В.А.Фок, М.В.Келдыштар менен бир мезгилде илимий иштерди аткарып, жолугуп илимий багыттарды талкуулаган учурлар көп болгон.
1994-жылдан өмүрүнүн акырына чейин бир нече адистештирилген кеңештерге мүчө болуп, кыргыз илимий кадрларды чыгарууга өз салымын кошту. Республикалык маанидеги персоналдык пенсионер.
Мукаш Юнушалиевичтин мамлекет алдында ак эмгеги бир нече медалдар, грамоталар, баалуу сыйлыктар менен белгиленген. Ала турган болсок, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин грамотасы, СССРдин Жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүү министрлигинин ардак грамотасы, “За доблестный труд” мааракелик медалы, “Эмгек ардагери” медалы, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Чүй университетинин ардактуу профессору, Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын академиги, Эл аралык инженердик академиянын мүчө-корреспонденти,
Мукаш Юнушалиевич эки уулдун атасы, өмүрлүк жолдошу — Өмүрова Калича менен алты небере, үч чөбөрөнү тарбиялашты.
Мукаш Юнушалиевич жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Сиздин кыргыз илими, билим берүүсү жана илимий кадрларды даярдоодогу ак эмгегиңиз, жаштарды тарбиялоодогу үлгүлүү аракетиңиз ар дайым эсибизде болот.

И.Арабаев атындагы КМУнун ректораты,
жолдошторунун атынан.

Бөлүшүү

Комментарийлер