КЫРГЫЗ-ГЕРМАН ТЕХНИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН 20 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ
- 18.09.2024
- 0
17-сентябрда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кыргыз-Герман техникалык институтунун 20 жылдык мааракесине арналган “Эл аралык интеграциянын алкагында инженердик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү артыкчылыктар жана тенденциялар” аталышындагы эл аралык симпозиум болду. Ага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.
Окуу жайдын баркын, сапатын, билим деңгээлин жогорулатуудагы жана билим берүү процессине зор салым кошуп жаткандыгы үчүн, министр аталган техникалык институттун окумуштуу, мугалимдерине ыраазычылык билдирип, мааракелик майрамы менен куттуктады.
Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева институттун окутуучулардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу, студенттердин академиялык алмашуу программаларын, иштерин жүргүзүүдөгү тең шериктештик ишин жогору баалады.
Буга кошумча министр Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы инженердик кадрларды даярдоо боюнча көп жылдык кызматташтык жана эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле институттун 20 жылдык мааракесине карата төмөндөгүлөргө Министрликтин ыраазычылык катын тапшырды:
* Берлинс техникалык институту,
* Кельн техникалык институту,
* Германиянын Академиялык алмашуу кызматы (DAAD),
* Цвиккау Батыш-Саксония институту,
* И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев,
* Кыргыз-Герман техникалык институтунун директору Анипа Усупкожоева.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Герман техникалык институту 2004-жылы Германия менен Кыргызстандын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдин негизинде түзүлгөн. Бүгүнкү күндө институт 14 инженердик багыт боюнча окутат жана 1000ден ашуун студенти бар.
Комментарийлер