КЫРГЫЗ-ГЕРМАН КЫЗМАТТАШТЫГЫ: КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 09.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Германиянын Мекленбург – Алдыңкы Померания федералдык аймагынын Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин мамлекеттик катчысы Йохен Шульте баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда тараптар мурда кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун ишке ашырылышын, ошондой эле кесиптик билим берүү, кадрларды даярдоо жана адистердин квалификациясын жогорулатуу багытындагы кызматташтыкты талкуулашты.КЫРГЫЗ-ГЕРМАН КЫЗМАТТАШТЫГЫ: КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫТараптар дуалдык жана практикага багытталган окутууну өнүктүрүүгө, билим берүү уюмдары менен ишканалардын кызматташтыгына, ошондой эле тажрыйба алмашууну жана стажировкаларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту. А. Махметкулов кесиптик билим берүү системасын модернизациялоо министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул алкакта окуу программалары өркүндөтүлүп, студенттердин практикалык даярдыгы күчөтүлүп, иш берүүчүлөр менен кызматташтык кеңейтилип жатканын айтты. Өз кезегинде германиялык делегация дуалдык окутуу жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу жана эки өлкөнүн кесиптик билим берүү уюмдарынын ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү макулдашылды.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер