“КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КӨНЧҮЛҮК ӨНӨРҮ” АТТУУ КИТЕП ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

  • 25.09.2020
  • 0

Тарых илимдеринин кандидаты, санжырачы, И. Арабаев атындагы КМУнун окуу башкармалыгын башчысы Октябрь Капалбаевдин “Кыргыз элинин көнчүлүк өнөрү” аттуу көлөмдүү китеби окурман журтчулугуна сунушталды.

“КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КӨНЧҮЛҮК ӨНӨРҮ” АТТУУ КИТЕП ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

Автор китебинде кыргыз калкына таандык, ата-бабадан бери келе жаткан байыркы өнөрлөрдү кеңири чечмелеп жазган. Ошондой эле автордун “Чечендик өнөр” аттуу буга чейин чыккан китеби да окурмандардын суроосу менен кайрадан көбөйтүлүп басылып чыгып, китеп сүйүүчүлөрдүн колуна тийди.

Октябрь Капалбаев бир нече китептин, илимий макалалардын автору. Тактап айтсак, Кыргыз элинин чечендик өнөрү (китеп), «Чечендик өнөр» (окуу куралы), «Кыргыздардын салттык жыгаччылыгы» (монография), «Тарых, тарыхчылар жана мезгил (учкул ойлор)», «Улуу Калык», «Ак таңдай, залкар талант Коргол Досу уулу» (авторлош), «Токтогул жана Калык», «Токтогул жана Коргол».  Студенттер үчүн «Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы», «Чечендик өнөр» окуу-усулдук колдонмолорун чыгарган.

Бөлүшүү

Комментарийлер