“КЫРГЫЗ ЭЛ МУГАЛИМИ” 100 МИҢ СОМ АЙЛЫК АЛАТ

  • 18.07.2023
  • 0

Мугалимдердин айлыгынын жана кадыр баркынын көтөрүлүшү ар бир мугалимдин өз колунда болору айкын болду. Мкртчан деген атактуу математик айтмакчы: “Армениядагы эң чоң айлыкты эки эле мугалим алат — 1200 доллар. Бирок ар бир мугалим 1200 долларга чейин тапса болот”. Бизде болсо, бүгүнкү күндө, эң чоң айлык 53 миң сом. Бул тууралуу бүгүн 18-июлда, Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында айтылды.

-Жылда мектептерде “Жыл мугалими деген сынак өткөрүлөт. “Кыргыз эл мугалими” наамын алган беш мугалим 100 миң сом айлык алыш керек. Кыргызстан мугалимдери 100 миң сом айлык алат экендигин көрсөтүшүбүз керек. Ушундай нормативдик акт даярдалып жатат, буюрса, эмдиги жылы бизде дагы 100 миң сом айлык алган мугалимдер пайда болот. Бул дагы мотивация!, — деди министр Каныбек Иманалиев .

Бөлүшүү

Комментарийлер