КЫРГЫЗ ДРАМТЕАТРЫ: СЕНТЯБРЬ АЙЫНЫН РЕПЕРТУАРЫН БИЛИП АЛЫҢЫЗ
- 08.09.2026
- 0
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры искусство сүйүүчүлөрү үчүн өзүнүн тарыхый 100-театрдык сезонун баштап, сентябрь айына карата жаңы репертуарын коомчулукка сунуштады.
Жаңы сезондун алкагында көрүүчүлөргө мазмундуу, кызыктуу жана терең мааниге ээ болгон спектаклдер тартууланмакчы. Театр жетекчилиги белгилегендей, сахнада коюла турган ар бир чыгарма адам тагдырын, турмуштук баалуулуктарды жана коомдогу актуалдуу маселелерди чагылдыруу менен көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүнө өзгөчө таасир калтырууну көздөйт.
Сентябрь айында өтүүчү бардык спектаклдер кечки саат 19:00дө башталат, ал эми билет баасы 500 сомду түзөт.
Маданий эс алууну каалагандар билеттерди ticket.kg жана kassir.kg платформалары аркылуу онлайн түрдө сатып ала алышат. Ошондой эле, кошумча маалымат алуу үчүн театрдын кассасына (0550) 557-255 байланыш номери аркылуу кайрылууга шарт түзүлгөн.
Театр жамааты спектаклдер өз убагында башталарын эскертип, көрүүчүлөрдү маданий иш-чараларга кечикпей келүүгө чакырат.
А.К., «КБ»