КЫРГЫЗ ДИПЛОМАТИЯСЫ ИЗИЛДЕНГЕН КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ  

  • 25.10.2018
  • 0

Белгилүү илимпоз, коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова менен Жаңыл Бөкөнбаеванын кыргыз дипломатиясынын, Кыргызстандын эл аралык байланышынын   тарыхына арналган “Очерки истории советской дипломатии Киргизии (1920-1991 годы)” аттуу окуу куралы жарык көрдү. Китептин бет ачары 24-октябрда Кыргыз-Орус Славян университетинде белгилүү коомдук ишмерлердин, окумуштуулардын жана Россиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым элчиси А.Крутьконун катышуусунда өттү.

КЫРГЫЗ ДИПЛОМАТИЯСЫ ИЗИЛДЕНГЕН КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ  

Окуу куралда авторлор архивдик материалдардын, басма сөз беттеринде жарыяланган макалалардын жана мемуарлардын негизинде Кыргыз ССРинин дипломатиялык кызматынын түптөлүшүнө салым кошкон инсандардын ролун жана алардын ишмердигин ачып беришкен. СССРдин ХХ кылымдагы тышкы саясаты жана эл аралык кызматташтыгы изилденген. Китепте Кыргызстандын алгачкы Тышкы иштер министрлери, алгачкы дипломаттары тууралуу дагы изилдөөлөр камтылган.

  • 1947-жылы 24-октябрда Бириккен улуттар уюму түзүлгөн. Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын тарыхы 1944-жылдын 17-мартынан башталат. Бул жылы бизде Тышкы иштер министрлиги ачылган. Бирок студенттерге лекция окуганда эмнегедир биздин дипломаттар жоктой көрүнчү. Ошондуктан Жаңыл Кулубековна экөөбүз беш жылдан ашуун мамлекеттик архивдерди, китепканаларды казып жатып ушул эмгекти жараттык. Бизде 1944-жылдан 1991-жылга чейин жети министр иштептир. Алардын арасында Казы Дикамбаев, Күлийпа Кондучалова, Сакен Бегматова сыяктуу  атактуу адамдар бар. Мисалы, Сакен Бегматова кыргыздардан биринчи болуп БУУда сүйлөп, өзүнүн комитетин башкарган.  Жусуп Абдрахманов, М.Фрунзе сыяктуу кыргыз дипломаттар дагы бир топ кызмат кылышкан. Тилекке каршы, 90-жылдарда “Билинбеген Кыргызстан” деген идея пайда болгон. Бирок чын-чынына келгенде Кыргызстан совет доорунда эле атагы алыска чыккан билинген мамлекет экен. Эмгекке ошонун баарын  камтыдык, — дейт И.Болжурова.
Бөлүшүү

Комментарийлер