КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ТҮРК АКАДЕМИЯСЫНЫН ИЛИМИЙ КЕҢЕШИНИН IV ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

  • 09.11.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев башында турган кыргыз делегациясы Түрк академиясынын Илимий кеңешинин IV отурумуна катышты. Иш-чара ушул жылдын 4-ноябрында Стамбул шаарында болуп өттү.

Отурумда Б. Купешев Түрк Академиясынын Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн ролу тууралуу сүйлөп, Кыргыз Республикасы Түрк Академиясы менен биргеликте тарых жана маданият, анын ичинде чыгармалары түрк маданиятынын жалпы сыймыгы болуп саналган Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани, Абай Кунанбаев, Токтогул Сатылганов, Мухтар Ауэзов, Чынгыз Айтматов сыяктуу чыгаан ойчулдардын жана акындардын мааракелери боюнча бир катар илимий-практикалык конференцияларды өткөргөнүн белгиледи. Ошондой эле, министр Кыргыз АССРнин Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгы сыяктуу датаны өзүнүн календарына киргизгендиги үчүн Түрк Академиясына ыраазычылык билдирди. Теманы улай, министр Академия менен тыгыз кызматташкан ТҮРКСОЙ 2022-жылды бардык түрк тилдүү мамлекеттер үчүн кыргыз жазуучусу Токтоболот Абдумомуновдун жылы деп жарыялаганы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Б. Купешев ушул жолугушуу илим жана билим жаатында түзүлгөн байланышты бекемдөөгө мүмкүндүк берет жана түрк тилдүү мамлекеттердин окумуштууларынын чечилиши түрк дүйнөсүнүн жалпы түшүнүгүн байыта турган көйгөйлүү маселелердин үстүндө биргелешип иштөөсүнө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер