Кыргызстандык спортчулар дзюдо боюнча Америка чемпионатында өз өнөрлөрүн көрсөтүштү
- 01.08.2023
- 0
Бишкек мэриясынын спорттун күжүрмөн түрү боюнча спорт мектебинин дзюдочулары, Кыргызстандын курама командасынын спортчулары дзюдо боюнча Американын ачык чемпионатына (U.S. Open Judo Championships) катышты.
Маалыматка ылайык, чемпионат 27-30-июль күндөрү Форт-Лодердейлде (АКШ) өткөн. Мелдеш 2003-2005-жылдары төрөлгөн жаштар арасында өтүп, 15 өлкөнүн спортчулары катышты.
Спорт чеберине талапкерлер, олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары Дастан Жумашев 73 кг салмакта 2-орунду алса, 81 кг салмакта Талант Даниел коло медалга ээ болду.
Мелдештерди эл аралык категориядагы “International referee” судьясы Азамат Абдурасулов — спорттун күжүрмөн түрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору тейледи.
Комментарийлер