КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН  «МЫКТЫ КИТЕП ОКУРМАНЫ» СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 01.06.2022
  • 0

Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети «Билерман ордо» клубу менен биргеликте түштүк аймагындагы мектеп окуучулары арасында «Мыкты китеп окурманы» аттуу сынак өткөрдү.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН  "МЫКТЫ КИТЕП ОКУРМАНЫ" СЫНАГЫ ӨТТҮСынакка жалпы 300гө жакын окуучу катышып, 1-турда «Тоолор кулаганда» романынан 20 суроог, 2-турда интеллектуалдык, логикалык багытта 20 суроого жжп беришти.

Комиссиянын жыйынтыгы менен алдыңкы 10 топтукка кирген катышуучулар диплом, акчалай сыйлыктар менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети тарабынан сыйланышты.

Сыйлыктарды  окуу жайдын ректору Чаткалбай Райымбаев тапшырды. Ал эми 1-орунду алган окуучуга 5000 сом, 2-орунга 3000 сом, 3-орунга 2000 сом, калган 4-орундан 10-орунга чейинкилерге дагы   диплом, акчалай сыйлыктар берилди.

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан, шаарларынан келгенгендерге, өзбек, орус тилдүү мектеп жамаатына атайын Ыраазычылык каттар тапшырылды.

«Билерман ордо» интеллектуалдык оюнунун алып баруучусу, негиздөөчүсү Талант Канатбек уулу бул иш-чарага көмөк көрсөтүп, демөөрчүлүк кылган Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилигине, жамаатка ыраазычылыгын билдирип, окуучуларга ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер