КЫЛЫЧБЕК УРАЙЫМОВ: ОЛИМПИАДАДА ОКУУЧУЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТТЫ

  • 16.09.2024
  • 0

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта (U20) байгелүү орундарды ээлеген жаштар жана алардын мугалимдери менен жолугуп, жеңүүчүлөрдү куттуктап, акчалай сертификаттар тапшырды.

КЫЛЫЧБЕК УРАЙЫМОВ: ОЛИМПИАДАДА ОКУУЧУЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТТЫЭскерте кетсек, кыргызстандык окуучулар 1-8-сентябрда Египетте өткөн Информатика боюнча эл аралык олимпиадада 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду ээлеп, ийгиликтер менен кайтып келишкен эле.

“Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль тагынса, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байтөрө Майрамбеков коло медаль утуп, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев Ардак грамота алган.

Жалпысынан кыргызстандык окуучулар 2000-жылдан бери информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда 3 күмүш жана 17 коло медаль жеңип келген.

КЫЛЫЧБЕК УРАЙЫМОВ: ОЛИМПИАДАДА ОКУУЧУЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТТЫЕгипет өлкөсүнүн Александрия шаарында өткөн жаш интеллектуалдардын эл аралык олимпиадасында информатика боюнча окуучуларды даярдап, жетектеп барып келген Кылычбек Урайымов менен кыскача маектештик.

— Кылычбек мырза, Египеттеги Олимпиада кандай деңгээлде өттү? Акыл таймашууларына канча мамлекет катышып, Кыргызстандан барган окуучулар кандай ийгиликтер менен кайтып келишти?

— Египеттеги информатика боюнча дүйнөлүк олимпиада эң жогорку деңгээлде өткөрүлүп, 92 мамлекеттен  370 окуучу билимдерин сынап, акыл таймашууларга катышты. Информатика боюнча  Кыргызстандын намысын төрт окуучу коргоду. Алар республикалык  олимпиадага катышып, бир канча сыноолордон тандалып өткөн  окуучулар. Кийинки баскычтарда “мыкты” деген төрт окуучуну тандап жиберет, ошол жерден биздин балдар эки күмүш, бир коло утуп жана бир Ардак грамотага татыктуу болушту.

— Олимпиадага кандай даярдык көрдүңүздөр?

— Биз балдарды 7-8 классынан даярдай баштайбыз, 10-11-класстар үч жылда даярданып келишет. Быйыл жайында эң көп даярдык көрдүк, ошол мезгилде төрт лагерь уюштурдук. Биринчиси Астана шаарында Казакстан командасы менен бирге даярдансак, экинчиси Бишкек шаарында, үчүнчүсү ар бир 10-15 күнү Ысык-Көлдө   жана Москва шаарында Орусия, Казакстан, Кыргызстан командалары менен биргелешип лагерлерди уюштуруп, бир канча сыноолорду өткөрдүк.

Египеттеги олимпиадада окуучуларыңыздан кимдер өзгөчөлөнүп, байгелүү орундарга жетти?

— Окуучуларыбыздан М.Субакожоев атындагы Нарын шаарындагы “Сапат” лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медалга арзыды. “Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус дагы күмүш байгелүү болду. “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байтөрө Майрамбеков коло медаль утуп, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиевге Ардак грамота ыйгарылды.

КЫЛЫЧБЕК УРАЙЫМОВ: ОЛИМПИАДАДА ОКУУЧУЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТТЫ — Өзүңүз  билим берүү тармагында канча жылдан бери эмгектенип келе жатасыз?

—  2010–2014-жылдары Ош Сема лицейинде информатика мугалими болуп иштеп келгем. 2014-жылдан азыркы убакытка чейин «Сапат» билим берүү мекемесинин Олимпиада борборунда информатика боюнча олимпиада тренери-устат  болуп,  информатика боюнча олимпиадага окуучуларды даярдап келатам.

—  STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиада кийинки жылы кайсы өлкөдө болот?  Эстафетаны кимдер алышты?

— 2025-жылдын июль айында Түштүк Американын Боливия өлкөсүндө болот.  Андан кийинки 2026-жылы коңшу Өзбекстанда өткөрүлөт.

Окуучулардын быйыл  Египет, Улуу Британия, Иран, Сауд Арабия  жана Казакстан өлкөлөрүндө өткөң  олимпиадаларга катышкан чыгымдарын, барып-келиш каражатын жана мүчөлүк акыны өлкөбүздүн Билим берүү жана илим министрлиги төлөп берди.  Командага ар кандай өлчөмдөгү мүчөлүк акылар төлөнөт, мисалы үчүн 1500 евродон 2500 еврого чейин төлөнөт. Ошентип, беш сабактын олимпиадага барып катышып келген окуучулардын баарына барып-келиш учак билеттерин жана жатакана, тамак ашына каражатты Билим берүү жана илим министрлиги төлөп берди.

КЫЛЫЧБЕК УРАЙЫМОВ: ОЛИМПИАДАДА ОКУУЧУЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТТЫ — Кыргызстандык окуучулар кайсы сабак боюнча өздөрүн көрсөтө алышты?

— Информатика, математика, физика, химия жана биология сабактарынан биздин окуучулар өздөрүн көрсөтүп, билимдери терең экенин далилдей алышты.

— Биздин окуучулар математика, физика жана химия сабактары боюнча кандай ийгиликтерге жетишти?

— Быйыл Дүйнөлүк олимпиадаларга жалпы Кыргызстан боюнча 23 окуучу катышып, билимдерин сынап көрүштү. Тактап айтсам, информатика, химия жана биологиядан төрт, физикадан беш, математикадан алты окуучу катышып, быйыл Кыргызстандын тарыхындагы эң жогорку жыйынтыкка жетишип, ийгиликтерди жаратып келишти. Жалпы 23 окуучунун ичинен 12 окуучу медаль менен сыйланып, 6 окуучуга Ардак грамота ыйгарылды. Алардын ичинен математика боюнча бир алтын, 3 күмүш, ирформатика 2 күмүш 1 коло, биологиядан 3 коло, физикадан 1 коло жана химиядан 1 коло медаль утуп алышканын баса белгилеп койгум келет.

Президентибиз Садыр Нургожоевичтин бүгүн, 16-сентябрда олимпиадада байгелүү орундарга жетишкен окуучуларды жана аларды даярдаган мугалимдерди кабыл алып, ийгиликтер менен куттуктап,  жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктардын сертификаттарын тапшырганы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурганы менен өлкөбүздүн окуучуларын жана мугалимдерин дагы шыктандырат деп ойлойм.

Кылычбек мырза, сиздерге рахмат! Кийинки олимпиадаларда дагы өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан окуучуларды даярдай бериңиздер! 

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер