КУУНУН СТУДЕНТТЕРИ “БИЛИМ ОРДО” ТАЙМАШЫНА КАТЫШТЫ

  • 19.02.2020
  • 0

Кечээ Бишкек шаарынын Борборлоштурулган китепкана тармагынын борбордук китепканасында өткөн “Билим Ордо” интеллектуалдык таймашында КУУнун студенттери улуттук каада-салттар, атактуу инсандар, логикалык ж.б. суроолор боюнча билимин көрсөтүштү.

Борборлоштурулган китепкана тармагынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Ализа Байсеитованын айтымында, таймаш жаштардын интеллектуалдык көрөңгөсүн көтөрүү, билимге болгон кызуугусун арттыруу, билимдерин ар тараптан байытуу, ой-жүгүртүүсүн калыптандыруу, китеп окууга үндөө, кругозорунун өнүгүшүнө өбөлгө түзүү максатында уюштурулган.

КУУНУН СТУДЕНТТЕРИ “БИЛИМ ОРДО” ТАЙМАШЫНА КАТЫШТЫ

— “Билим Ордо” интеллектуалдык оюну жалпысынан 4 турдан турду жана ага жалпысынан 75 суроо камтылды. Ал эми финалга 18 мыкты оюнчу өтүп,  баш байге үчүн таймашты. Баш байгеси — “SMARTPHONE”, кубок жана кызыктыруучу белектер болду. Оюнга ар тараптуу багыттагы улуттук каада-салттар, атактуу инсандар, мамлекеттер ж.б категориялардагы логикалык суроолор камтылган. Сынактын жыйынтыгында 1-биринчи орунду Ислам Максатов, 2-орунду Сүйүнаалы уулу Азат жана 3-орунду Жокоев Шахназар утуп алышып, байгелүү сыйлыктар жана ардак грамоталар менен сыйланышты-дейт А.Байсеитова.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер