КУУНУН ДОЦЕНТИ ТЕМИРКУЛ АСАНОВ ТЕМИР САРИЕВ УЮШТУРГАН СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛДУ

  • 30.01.2020
  • 0

Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, доцент Темиркул Асанов коомдук ишмер Темир Сариев тарабынан уюштурулган тарых тармагындагы илимий сынакка “Кыргыздардын оң канат, сол канат этносаясий түзүлүшү мамлекеттик бирикме катары” аттуу илимий эмгеги менен катышып, үч талапкердин ичинен жеңүүчү деп табылды жана 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланды.

КУУНУН ДОЦЕНТИ ТЕМИРКУЛ АСАНОВ ТЕМИР САРИЕВ УЮШТУРГАН СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛДУ

Сыйлык тапшыруу аземи 21-январда  Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Окумуштуулар кеңешинде болуп, иш-чарага УИА президенти М.Жуматаев, коомдук ишмерлер Т.Сариев, А.Жумагулов, Т.Чынгышев, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, окумуштуулар, УИА кызматкерлери жана КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин окутуучулары менен студенттери катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер