КУУДА ЖАҢЫ МЫЙЗАМ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 29.03.2018
  • 0

27-мартта Ж.Баласагын атындагы  КУУнун юридикалык факультети  «КРнын Жаңы жазык процессуалдык мыйзамдар: көйгөйү жана келечеги» аттуу тегерек стол өткөрдү.

КР сот жана укуктук реформасынын алкагында жаңы мыйзамдарды ар тараптуу талкуулоо максатында уюштурулган иш-чарада жаңыланган «Кылмыш Жаза» кодекси, сот ишинин жүрүшүнүн тартибин талкуулоо, республикадагы сот ишин көзөмөлгө алуу,  Кылмыш кодекси, Сот институтунун ишмердиги, Жаңы жазык процессуалдык кодекс боюнча сотко чейинки өндүрүштүн ишин арттыруу  сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.  Иш-чарага  ЖК  депутаттары,  КР Жогорку сотунун, КР Генералдык прокуратурасынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окумуштуулары  катышты.

«Жаңы кабыл алынган мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Жыл өткөн сайын кылмыштын түрү жана саны көбөйүп жаткандыктан “Кылмыш Жаза” Кодекси өзгөрүүгө  тийиш болгон.  Анткени кээ бир  учурда  кылмыш  иштери кылмыш болуп саналбай калат.  Себеби күнөөкөр менен  жабырлануучу өз ара макулдашып алып  сот  органдарына кайрылбай коюшат. Ошондой эле бул мыйзам адамдын өмүрү, эркиндиги жана кызыкчылыгы менен тыгыз байланышта болгондуктан, 2012-жылы Президент  атайын  Кылмыш  кодексин өзгөртүү максатында администрациялык комиссия түзгөн. Ошонун негизинде  иш-аракеттер    башталган. Комиссия үч жыл иштеп, жыйынтыгы 2016-жылы 22-декабрда Жогорку Кенеш тарабынан жактырылып,  Президент тарабынан 2017-жылы колдоого алынды. Бул иш-чаранын максаты болсо жаңы мыйзамды коомго жеткизип, элге сиңирүү болду», — дейт КУУнун юридика факультетинин кылмыш процесси жана сот экспертизасы кафедрасынын башчысы Толкун Салымбекова.

Бөлүшүү

Комментарийлер