КУУДА КЫЗЫКТУУ СЫНАК ӨТТҮ
- 08.10.2019
- 0
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кесиптик бирлик комитети билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата студенттер арасында уюштурган интернет сынагынын жыйынтыгын чыгарды.
Мындай сынак окуу жайда мурда уюштурулган эмес. Студенттер инстаграммдагы “knu_profkom” баракчасында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык, өзү жакшы көргөн, педагогикалык чеберчилиги бийик, факультетинде эң мыкты деп эсептелген окутуучусу менен сүрөткө түшүп, #bestteacherknu аталышындагы хештег менен окутуучусу жөнүндө жазып, инстаграммга киргизген.
Бир айга созулган сынактын жыйынтыгы инстаграммдагы түз эфирде «LIZAONAIR» программасынын жардамы менен чыгарылып, жеңүүчүлөр он-лайн режиминде аныкталды. Сынактын ачык-айкын өткөндүгү түз эфирде бардык катышуучуларга таамай көрүнүп турду.
Жыйынтыгында 1-орунду журналистика факультетинин телерадио-журналистика кафедрасынын ага окутуучусу Калчаева Лира, студенти — Мырзагулов Бекмырза, 2-орунду кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын ага окутуучусу Апышева Майрам, студенти — Марат кызы Сезим, 3-орунду Осмоналиев Каныбек физика жана электроника факультетинин физика кафедрасынын профессору, студенти — Өмүракунова Айжамал алды.
Бул жеңүүчүлөргө: окутуучуларга кызыктуу белектер, студенттерге акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Комментарийлер