КУУда “ANGLIA EXAMINATIONS” БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 25.01.2024
  • 0

24-январда Кыргыз улуттук университетинде “Anglia Examinations” эл аралык тестирлөө борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

КУУда “ANGLIA EXAMINATIONS” БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Борбор 5-окуу имаратынын 121-кабинетинде ачылып, кызыл тасманы Жогорку Кеӊештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов жана Улуу Британиянын “Anglia Examinations” сынак борборунун расмий өкүлү Мартин Клотз кести.

ЖК депутаты Нуржигит Кадырбеков, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаматов студенттерге жана мугалимдерге тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн түзүп жаткан борборго ыраазычылыктарын билдирсе, Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директору Бактыбек Исмаилов долбоордун иши алгылыктуу болсун деп батасын берди.

КУУда “ANGLIA EXAMINATIONS” БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахманов университеттердин арасынан алгач Улуттук университетти тандап алып, долбоорду ишке ашырып жаткандыгы үчүн “Anglia Examinations” борборунун Кыргызстандагы өкүлү Тилек Үркүнчиевге ыраазычылык билдирип, бул долбоор студенттер үчүн келечектүү, мүмкүчүлүгү чоӊ долбоор экендигин белгилеп, тил билүү менен көптөгөн эшиктер ачыларын айтып, студенттерди тил үйрөнүүгө чакырды.

КУУда “ANGLIA EXAMINATIONS” БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров англис тилин билүү заман талабы экенин баса белгилеп, бул долбоор тил үйрөнүүгө чоӊ салым кошорун, тил билген жаштардын келечеги кеӊ болуп, өлкөгө пайда алып келерин билдирди. Ошондой эле министрлик дагы бул багытта иш алып барып, окуучу, студенттер гана эмес мугалимдерге да тилди үйрөтүү аракетин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

КУУда “ANGLIA EXAMINATIONS” БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Жыйындын жүрүшүндө, Тилек Үркүнчиев менен Мартин Клотз кыргыз жана англис тилдеринде презентация жасап, “Anglia Examinations” долбоорунун аткарган иштери, багыттары тууралуу студенттерге жана мугалимдерге толук маалымат беришти. Алардын айтымында, аталган долбоор тестирлөөдөн тышкары, Англиянын университтетеринде онлайн окуу аркылуу кош дипломдуулук; “Anglia Examinations” борборунун беш деӊгээлден турган тил үйрөтүү китептери; англис тилин тестирлөө борборлору; Улуу Британияда 2 жумадан 6 жумага чейинки окуу үчүн балдар жана студенттер үчүн жайкы программалар; мугалимдердин квалификациясын Улуу Британияда жогорулатуу; Кыргызстандан чыкпай эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу багыттарда иш алып барат.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер