КУУ СТУДЕНТТЕРИ «АКЫЛ ТАЙМАШТА»
- 17.04.2026
- 0
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) №7 жатаканасында жашаган студенттер Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурган “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнуна катышып, 2-орунду ээледи.

Мелдеш К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтүп, ага 10дон ашуун команда катышты.
Жыйынтыгында команда 2-орунга ээ болуп, медаль, диплом жана белектер менен сыйланды.
Салкынай САЛМООРБЕКОВА, “Кут Билим”, И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти
Бөлүшүү




Комментарийлер