“КУТТУУ БОЗ ҮЙ. ЮРТА БЛАГОДАТНАЯ. THE BLESSING YURT”

  • 07.12.2020
  • 0

 11-декабрда борбор калаабыздагы Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Куттуу боз үй. Юрта благодатная. The blessing yurt” ар кыл көркөм көргөзмөсү ачылат. Көргөзмө «2020-жылдагы искусство чөйрөсүндөгү стипендия» демилгесинин негизинде «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен уюштурулган. Көргөзмө Бишкекте 11декабрдан 25декабрга чейин өтөт, андан кийин Ош, Нарын, Талас жана Ысык-Көлдөгү музейлерде уланат.

Сүрөтчү Алтынай Осмоева, кыргыздын касиеттүү боз үйүнүн түзүлүшүнөн, каада-салт сактаган салттуу маанилеринен эргүү алып, жаратмандык көз карашын, заманбап искусство жана дизайн аркылуу коомчулукка тартуулайт. Сүрөтчүнү шыктандырган боз үйдүн көрктүүлүгү, түзүлүшү жана философиясы кийизден жасалган заманбап искусство объектилеринде көрсөтүлөт. Сүрөтчүнүн көрүүчүлөргө арнаган жаратмандык көз карашындагы чыгармачыл “Алачык” ,“Кут”, “Бата” инсталляциялары кыргыз элибизге таандык каада-салттар жана инновациянын байланышын түшүндүрөт. Көргөзмөнүн визуалдык катарын жарык жана үн орнотуулары, фотосүрөттөр, видеотасмалар толуктайт.

Көргөзмөнүн ачылышы Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 11-декабрда, саат 14:00 дө ачылат. Маданияттын, искусствонун жана билим чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жана жаштардын катышуусунда боз үй темасында талкуу өтөт.

«Талкуулоодо маданий каада-салттарды сактоо жана анын өнүгүшү, мурастарды чагылдырган заманбап искусствону өнүктүрүү, жалпы коомдун маданий агартуу маселелери коюлат. Ошондой эле глобалдык өзгөрүүлөр доорундагы салттуу маданий баалуулуктардын жана кыргыз элинин каада-салт эрежелеринин нормаларынын бүгүнкү күндөгү зор маанилүүлүгү каралат. Бул көргөзмөнү талкуулоонун максаты аянтчадагы көрүүчүлөрдүн ой жүгүртүүсү менен сүрөтчүнүн биргелешкен оюн чагылдыруу.

Боз үй — үй-бүлөнүн, кыргыз улутунун жана Кыргызстандагы жалпы элинин биримдигин билдирет. Чексиз ааламда бизди жалпы түндүк бириктирип турат! Маданий мурас өткөн доорго гана эмес, биздин бүгүнкүбүзгө, эртеңкибизге да таандык. Бүгүнкү чындыкты чагылдырган заманбап искусство коомдук өнүгүүнүн маданий баалуулугу жана керектүү элементи болуп саналат. Көргөзмөдө көрүүчүлөр өздөрү үчүн кандайдыр бир жаңы нерсени ача алышат деп үмүттөнөм”, дейт Алтынай Осмоева.

Өз чыгармачылыгында эксперименталдык көркөм көрүнүштөрдү жаратууда Алтынай Осмоева, анык текстил, мода, графика, перфоманс, инсталляция, скульптура, фотография, жарык, түс, үн жана видеону айкалыштырган.

Алтынай Осмоева — Улуу Британиядагы Central Saint Martins College of Art and Design University of Arts London Искусство Университетин ийгиликтүү аяктап, дүйнө жүзүнө белгилүү болгон Александр Маккуин жана Эрдем мода дизайнерлеринен тажрыйба алган.

Алтынай – көптөгөн эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу, Миландагы “Vogue Young Talents”, Амстердамдагы “Saga Furs”, Нантонгдогу “International Contemporary Crafts Biennale” сынактардын жеңүүчүсү. Ал Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин мүчөсү, ЮНЕСКОнун “Сапат Белгиси” сертификаттарынын ээси. Алтынай Осмоеванын чыгармалары “Surface Design”, Italian Vogue” журналдарында жана Виллоу Муллинстин «Felt» китебинде жарыяланган.

Алтынай Осмоева — АLTAI OSMO аталышындагы аялдардын кийимдеринин жана аксессуарларынын түзүүчүсү. Ал айлана-чөйрөгө кылдаттык менен табигый сырьену пайдаланууну көздөгөн туруктуу жай моданын (sustainable slow fashion), принциптерин карманат. Анын өзгөчөлөнгөн буюмдарындагы жөнөкөйлүүлүк кыргыз жана дүйнө элдеринин маданий мурасын чагылдырган текстилди колдонуу менен айкалышат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер