Кутпа Бакировна ОРУЗБАЕВА-ДАНИЯРОВА

  • 30.05.2025
  • 0

2025-жылдын 28-майында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, мамлекеттик маанидеги персоналдык пенсионер Кутпа Бакировна Орузбаева-Даниярова (1930-2025) 96 жашында дүйнөдөн кайтты.

Кутпа Бакировна ОРУЗБАЕВА-ДАНИЯРОВА

Кутпа Даниярова 1930-жылдын 10-мартында Кемин өрөөнүндө Бакир Данияровдун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы, кийин агасы Базаркул сталиндик жылдарда репрессияга кабылган. Анын өмүр таржымалындагы бул фактылар Кутпа Данияровага да кесепети тийгенине карабай, эмгек жолунда ийгиликтерге жетишип, өз мекенине чоң пайда алып келүүсүнө тоскоол боло алган жок. Ал Кыргыз ССРинин КП БКда жогорку кызматтарды аркалаган. Республикалык аялдар кеңешинин төрайымы жана атактуу космонавт аял Валентина Терешкова жетектеген Советтик аялдар комитетинин төрайымынын орун басары болгон. 1975-жылы Аялдардын Эл аралык демократиялык федерациясынын бюро мүчөлүгүнө шайланган.

Кутпа Даниярова-Орузбаева ардактуу эс алууга чыкканга чейинки акыркы жылдары Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, андан кийин шаардык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун жетекчиси болуп иштеген. Анын баалуу эмгектери жогору бааланып, үч жолу медаль менен сыйланган жана көптөгөн Ардак грамоталарга ээ болгон.

Жолдошу Орузбаев Асангалый Өмүрзакович (1930-2008) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, экономика илимдеринин доктору, профессор, Россия жана Казакстандын Айыл чарба илимдер академияларынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер болгон.

Асыл адамдын жаркын элеси ар бирибиздин эсибизде түбөлүккө сакталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер