«КУТБИЛИМДИН» КУРЧ КАЛЕМИ 60 ЖАШТА!

  • 09.09.2021
  • 0

Окурмандарга Алимжан Алибеков аттуу журналисттик ысым менен таанымал кесиптешибиз Алимжан Масаев бүгүн, 9-сентябрда, мааракелик туулган күнүн белгилеп отурат.

Журналисттик өзгөчө стилге эгедер кесиптешибиз биздин чыгармачыл жамаатка 2001-жылдан аралашып, «Кутбилим сабак» усулдук басылмасына 17 жыл үзүрлүү кызмат өтөдү.
Бул мезгил аралыгында бир топ мамлекеттик мекемелер, эл аралык уюмдар менен биргеликте, «Билайн», «Мегаком» мобилдик байланыштардын каржылык колдоосунда мыкты сабак иштелмелерине сынактарды уюштуруп, усулдук гезиттин активдүү авторлорунун көчмө семинарларын баардык аймактарда уюштурууга жетишти.

Мындан тышкары, республикадагы көптөгөн билим берүү долбоорлору, бул жаатта аракеттенген эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта иштеп, ЮСАИДге караштуу долбоорлордо окуу материалдарын тандоо боюнча эксперттик топтун жетекчиси, эксперт-котормочу, балдар үчүн тексттерди тандоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү сыяктуу милдеттерди аткарып, тажрыйбасын арттырды.
2010-жылы журналисттер үчүн берилген бир орунга ат салышып, натыйжада АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын жеңүүчүсү катары АКШнын Түндүк Каролина штатына барып америкалык алдыңкы тажрыйба менен таанышып келди. Кесиптешибиздин чет жерде жүрүп жазган «Америка сабактары», «Стамбул сапары», «Астана сапары», «Душанбе билим сапары» жол очерктери окурмандар тарабынан жогору бааланды.

Журналисттик ишинен тышкары ал Бишкектин чет жакасындагы Ак-Өргө конушунда жамааттык билим берүү демилгесин жетектеп келет. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын Америка музыкасы борбору менен тыгыз иштеп, англис тилинде мыкты ырдаган балдар тобун түздү. Топтун жаш таланттары концерттик программалары менен республикабыздын баардык облустарында, бир катар жогорку окуу жайларда, мектептерде болушту. Дасыккан педагогдун англис тилин окутууда англис тилиндеги ырларды колдонуу тажрыйбасы Ош шаарындагы республикалык жана Душанбедеги эл аралык конференцияда жайылтылган.

Алимжан Масаев — англис тилчи мугалимдердин Forum ассоциациясынын Ардактуу мүчөсү. Ал өз предметинен мыкты саяпкер. Өзү окуткан окуучуларынын арасынан жети окуучу республикалык олимпиадаларда финалдык турга чейин жетишсе, «Билимкана» уюштурган олимпиадада 4-класстын окуучусу Кудурет Апсаматов биринчи орунду, «Илим» уюштурган сынакта 6-класстын окуучусу Советбеков Актан экинчи орунду ээлеген.

Учурда кесиптешибиз — гезитибиздин бөлүм редактору. Билим берүүдөн тышкары тил, маданият маселелерине кайрылып, кызыктуу макалаларды жазып жүрөт. Алимжан — республикалык Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, журналисттер арасындагы бир нече сынактардын жеңүүчүсү.  Ал 2020-жылы «Тил жана маданият» гезитинин тандоосу боюнча «Жылдын мыкты адамы» деп таанылган. Жакындан бери адабиятка аралашып, кыска-нуска аңгемелерди жаза баштады.
Калемгер кесиптешибизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Майрамбек Токторов, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер