«КУТ БИЛИМДИН» КУБАТЫ

  • 23.11.2017
  • 0

"КУТ БИЛИМДИН" КУБАТЫ

«Кут Билим» гезитинин башкы редактору, көрүнүктүү журналист, коомдук ишмер, медиа-эксперт Кубатбек Чекировдун бейнесине сүртүмдөр.

***
Кубатбек экөөбүз Кыргыз улуттук университетинде чогуу окудук. Анда 1984-жылдын аптаптуу жайында абитуриент болуп келип, университетке өтөр өтпөсүбүз арсар күндөрдө деле беш-алты бала болуп топтошуп жүрдүк. Тилекке жараша, ошол чогуу жүргөн Азиз, Нарынбек, Нургазы, Мухтар болуп, тобубуз менен окууга өтүп кетсек болобу. Бул биздин өмүрүбүздүн эң сонун жемиши эле.
Абитуриент кезибизде Кубат экөөбүз азыркы белгилүү жазуучу Султан Раев менен бир убак жатаканада чогуу да туруп калдык. Кубат Нарындан, мен Таластан экенибизди айтып, таанышып, кыска убакытта эле мамилебиз жакшы болуп, кийин студент болгондо да бир бөлмөдө, азыр кыргызга төбөсү көрүнгөн белдүү инсандар Аскар Медетов, Кабыл Макешов менен чогуу жашап калдык.
***
Абитуриенттик санаа бүтүп, лекцияларга катышып, өзүбүздү каадалуу студент сезип калдык. Арабызда даярдоо курсунан келген Мырзакат Тыналиев, Ыман Досбаев, Бакыт Орунбеков, Кадыр Кошалиев (Азыр булар белгилүү журналист болушту) өңдүү мыкты балдар бар экен. Окутуучулар менен теңтайлашып талаша кетишип, өз ойлорун тартынбай айткандарын көрүп, биз жаңы эле айылдан келген жаш балдар таңгала түшчүбүз. Арабыздан бир гана Кубат суурулуп чыгып, даярдоо курсунан келген балдар менен теңтайлашып, алардан аша түшүп, өз пикирин окутуучуларга тайманбай бек айтчу болду. Ал кезде журналистика бөлүмү орус тилдүүлөр менен чогуу болгондуктан, лекциялардын көпчүлүгү орусча өтүлөр эле. Алыскы айылда жүрүп орусча так билген бул жигердүү жаш жигиттин кыйындыгына моюн сунуштубу, даярдоо курсунан келген балдар Кубатты чындап баалап калышты. Окутуучулар да Кубаттын идиректүүлүгүн, зээндүүлүгүн баамдап, аны комсомолдук, коомдук иштерге тартып башташты. Кубат ошентип “чү” дегенде эле таскагы жакшы чыгып, алгачкы сессияны озунуп, орус тилдүүлөрдөн кем калбай жалаң “бешке” тапшырып, баарыбызды таңгалдырган.

"КУТ БИЛИМДИН" КУБАТЫ
***
“Мыкты самолёт мыкты учат” деген жакшы учкул сөз бар эмеспи. Кукең да ошол жакшы самолеттой кулабай, тумандуу жерден жол тапкан азамат болду. Кийин Советтик Армияда кызмат өтөп келип, үчүнчү курсту бүтүп жатканда, ал Москвадагы М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинин журналистика факультетине карата өткөрүлгөн чоң конкурска катышып, бут тоскондорду жеңип өтүп, ошол жакка которулуп кетти. Мен Кукеңдин бул жеңишин кубануу менен кабыл алдым. Айылдагы кыргыз мектептен келгенине карабай, орус тилдүү “мыктыларды” артка калтырып, Фрунзе тургай Моквадан билим алам деген жаш жигиттин дымагы ошондо эле күчтүү экенин сезген билим берүү министрлигинин тийиштүү адистери ага ак жол каалашкан экен. Ошентип, Кубат арабыздан суурулуп чыккан тай күлүктөй, алыска сапар улап, Москвадан окуусуна кетип калды. Дайыма бир нерсенин үстүнөн чыгып, идеясы төгүлүп турган Кубат кетип, биз коңултактап эле калдык. Кубат Москвада жүргөндө да жөн жүргөн жок. Ал жактагы Кыргыз жаштарынын башын бириктирген “Акыйкат” аттуу демократиялык кыймылдын президенти болуп, коомдук иш жүргүзүп, ал жактан да тез эле Кубаттын таскагы угула баштады.
Ал кезде мен элди дүрбөтө чыгып жаткан Мелис байкенин айгайлаган ”Асабасында” иштеп жаткан элем. Бир күнү Москванын демократиясы жыттанган Кубатты капыстан жолуктуруп, кучакташа көрүшүп калдык. Москвадан келген Кубат мага башкача болуп калгандай көрүндү.
***
Кубат Москвадагы окуусун аяктап жатып, бул жактагы демократиянын жел аргысын эрте сезген, дүбүртү таш жарган “Майдан” деген гезитке келип, алгачкы макалаларын жазып, КДК нын ишине аралашып, ал ортодо Москвага барып, окуусун жайгарып да жүрдү. Айтайын дегеним ошол кезде Кубат белгилүү акын, сынчы Аман Токтогуловдун кол алдында иштеп, чыгармачылык жактан да, адамдык ариеттүүлүктөн да жакшы үлгү алгандай көрүндү. Ал Аман Токтогуловду оозунан түшүрбөй айтып, анын мыкты сапаттарына таң берип калат. Жакшыдан жугуштуу болуп, Кубат да устатындай сергек, мыкты журналист, табылгыс редактор чыкты. Кубат устаты Аман агабыз эрте өтүп кетпегенде саясаттын тал чокусунда жүрөт беле ким билет, бирок кийин “Майдан” жабылып калганда, “Мугалимдер гезитинин” таскагы жаңы чыгып келе жаткан учуру болчу. Жаңы, жаш редактор Талант мырза Кубатты ушул азыркы гезитке жооптуу катчылыкка чакырып келип, гезиттин салмагын чогуу көтөрө башташты. Чынында, Кубат “Кут Билим” үчүн табылгыс даары эле. “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей Кукең ал кезде “Кутбилим” менен узак-узак байсалдуу сапарга чыгып жатканына ишенбесе деле керек. Ал ортодо Кубатты Ак үйдөн өкмөттүк бир катар жооптуу кызматтарга чакырып жүрүштү. Бирок Кубат эмнегедир аякка баруудан баш тартып, чыныгы журналисттик жолду тандады көрүнөт.

"КУТ БИЛИМДИН" КУБАТЫ
***
“Кут Билимди” ал бала кезинен багып алгандай болду. Рынок азуусун жаңы көрсөткөн 1996-жылдары көп гезиттер кыйынчылыкка туруштук бере албай, ың-жыңсыз жабылып калып, ошо бойдон жок да болуп кетти. “Кут Билимди” деле ошондой тагдыр күтүп турган. Бирок Кубат редактор катары гезиттин ахыбалын тийиштүү жетекчилерге туура жеткизип, өзү да тынбай изденип, эмгек жамаатын да алдыга салып, дем-күч берип, оорун колдон, жеңилин жерден алып, кыйын жылдардан сууруп алып чыгып кетти. Бул анын редактор катары алгачкы жеңиши эле.
***
Бир кезде “Кут Билим” чыгып атабы? — деп бүшүркөп, таңгала сурагандар азайып, “Кут Билимдин” жаңы санын редакциябызга чейин издеп келишкендер көбөйүп, үч миң нускадан ашпаган гезитибиз он миң нускага көтөрүлүп, окумдуулугу артып, коомчулукта кадыры көкөлөп өскөнүнө Кубаттын опол тоодой үлүшү бар экендигин бүгүн биз баса белгилеп коюшубуз парз.
***
Кубат калыс редактор. Ал гезитти эч качан жеке кызыкчылыктардын жеми кылбай, курал катары колдонгусу келгендерден алыс кармап, билим саясатын ак, таза жүргүзүп, андагы реформалардын ишке ашышына чоң өбөлгө түзүп, мугалимдин ишинин жарчысына айлантты. Далай сыноолордон өткөн акылгөй “Кут Билим” өз мугалимдериндей ишенчээк, баладай таза, акпейил, ак жүрөктүгүнөн жазбай, элине ак кызмат өтөп келе жатат. Анын таза бойдон келе жатканы Кубаттын тазалыгынан да болсо керек деген ой келет. Себеби жетекчи таза болмоюн, гезит кайдан таза болмок эле, чынбы?
***

"КУТ БИЛИМДИН" КУБАТЫ

Кубат кеңпейил редактор. Ага кээде биз пендечилик кылып, башкалар да биздин тармагыбызга ылайыктап гезит ачып, ашыбызды талашып жатат дегендей кеп кылсак, же дагы бир ушак айыңдын башын кылтыйтсак: — Пейилди кенен салсаңар боло, — дейт да, андан көрө мындай катаал конкуренциядан утуп чыгуубузду, алардан эки эсе мыкты иштөөбүздү эске салат. Ал редакциядагы кирип-чыкма ушактар менен чындыкты ажырата билет. Аны ушак менен пикирин өзгөртөм дегендер жаңылат. Кубатка көп учурда өз пикириң менен кирип, кайра анын пикирине ынанып чыгасың.
***
Кубат тынбаган редактор. Менден көптөр Кубат кантип эки ишке жетишет деп сурай беришет. Бир жолу белгилүү журналист Бермет Букашева Кубаттын эмгекчилдигине чындап эле аябай таңкалганын айткан. Редакцияда бирибиз да Кубаттай макаланы эрте жаза албайбыз. Биз жаңы жазып жатканда, ал экинчи макаласын жазып, андан ары Би-Би-Сиге материал даярдап, эфирге окуп, дагы бир коомдук жумушту бүтүрүп, эки ортодо конкурстарга калыстыкка катышып, студенттерге мастер-класс өтүп, тууганчылык парздардан да калып калбай катышканга жетишип, ошондо да бүгүн аябай иштеп салдым деп чарчап калбай, кечкисин эртеңки иштин башын баштап олтурган болот. Кубаттын атын ким койсо да туура коюптур. Ал, менимче, күч-кубатты ошол өзү аткарган ишинен алып турса керек дейм. Кубат өз ишин абдан сүйөт жана так аткарганга бышып көнгөн.
***

"КУТ БИЛИМДИН" КУБАТЫ

  • Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков менен.

Кубат сак редактор. Аны эч ким байкатып да көмөлөтө чаба албайт. Ал иштин жытын алыстан эле билип турат. Ошондуктан ондогон министр менен кабагым-кашым дебей жакшы иштешти. Жетекчилер Кубат менен бир жолу бетме-бет сүйлөшкөндөн кийин эле, агынан жарылышып, “бул баланын колунан иш келет экен” деп ишеним артып калышат. Мыкты адисти көрө билген министрлерге ракмат гана айткың келет.
***
Кубат акыйкат редактор. Арыз каттарды көрсө баса калып, артынан түшмөйү бар. Мугалимдерге гезит коркпой жардам берип турса деген принцибинен жазбай келет. Кээде ал гезитти орун басарларына таштап, чет өлкөдө стажировкада жүрүп калат. Бизге ишенеби, билбейм, азыр жакын досуңа эмес бир тууганына ишенбеген заманда он миң нускалуу гезитти орун басарларына толук ишенип таштап кетүү ар бир эле редактордун колунан келе бербесе керек. Ал бизге өзүндөй көрүп ишенет болсо керек. Биз анын ишениминен чыккыбыз келбейт. Ал акыйкаттыкты жогору койгон инсан. Эч кимди бөлүп жарбайт. редакцияда иштин көзүн билген кызматкерди дайыма колдоп турат.

"КУТ БИЛИМДИН" КУБАТЫ

  • Москва мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн экинчи съезди. ММУнун ректору, Россия Улуттук Илимдер Академиясынын академиги Виктор Садовничий менен кыргыз делегациясы.

***
Кубат эл аралык стандарттагы заманбап редактор. Ал Лондон, Москва, Пекин, Хелсинки, Прага өңдүү өнүккөн шаарларга окууга барып, биртоп иш-тажрыйба чогултту. Би-Би-Синин Кыргызстандагы биринчи кабарчысы болду. Би-Би-Си менен 20 жылдан ашуун кызматташып, журналистиканын ишине аябай бышты. Мындай кымгуут иштин көзүн таап, майына чыгара иштеш ар бир журналисттин колунан келе бербесине анын бир күндүк иш ыргагын карап туруп ынандым. Ал сырттан чогултуп келген иш-тажрыйбасын “Кут Билимге” да салып, гезитте иштеген журналистерди жаңыча иштөөгө үндөп келет. Эми “Кут Билимди” дүйнөнүн кайсы бурчунан болсо да окуй аласың. Себеби гезиттин Интернеттеги медиа баракчасы тынбай иш алып барууда.
***

"КУТ БИЛИМДИН" КУБАТЫ

Кубат жаңычыл редактор. Ал Совет мезгили жоюлуп, жаңы жол башталганда эле эл аралык стандарттар менен иштөөгө көнүккөн алгачкы журналисттердин тобуна кирет. Журналистикадагы жаңы талаптар туурасында ал дайыма эл аралык медиа уюмдар уюштурган тренингдерге катышып, жаштарга лекция окуйт. Кубат эң мыкты медиа-эксперт.
– Журналистикада ээн ооздук болбоого тийиш. Анын бейтараптуулук позициясы ар дайым сакталуусу абзел, — дейт ал маектеринин биринде. ММКлардагы айрым кара пиарлар, бир жактуу каралаган макалалар, ушак айыңды туу туткан “жалган” жазмакерлер, сабатсыз жазылган макалалар жөнүндө ал күйүп-бышып көп айтат. Акаевдин доорунда Кубат “Кут Билимде” журналисттерден биринчи жолу “Асабадагы” ээн ооздук жөнүндө макала жазып, эр жүрөк журналист Мелис Эшимкановго азуусун көрсөтүп, ага жакпай калган учуру бар.
***
Кубат дээринде сыйлыктарга көп кызыкпайт окшойт. Ал иштин майын чыгарганга кызыгат. Кайсы бир учурда анын эмгеги акыйкат бааланарына биз ишенебиз. “Эл эмгегин жер жебейт” дегендей, жогору жактагылар Кубаттын атын укканда ыраазы боло алкагандарын, мактагандарын көп угам. Ал маңдай тери менен КР Президентинин, Өкмөтүнүн маалымат тармагындагы бир нечелеген чоң сыйлыктарына жетишкен. ООНдун, Евросоюз менен Би-Би-Синин аналитикалык макалалар боюнча сыйлыктарын көп ирет жеңип алган. “Билим берүүнүн мыктысы”, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилеринин, көптөгөн министрликтердин Ардак грамоталарынын, медалдарынын ээси. Ошентсе да, Кубаттын эл алдындагы ак эмгеги мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу дээр элем. Ийгиликтин эрте-кечи жок дегендей, Кубатка да мамлекеттик жогорку сыйлыктар ыйгарылган күн алыс эмес деп ойлойм.
Кубат жөнүндө көп жакшы нерселерди айтса болот. Бирок ал өзүн көтөрө чалып мактаганды көп жакшы көрө бербейт. Гезит ишинде айрым инсандарды “залкар” деп жазсак сөздүн маанисин аңдабай эле колдоно берерибизди айтып, кейип калат. Ал ар бир сөздүн маанисин өз ордунда туура колдонулушун, жөн эле бирөөлөрдү ашыра мактай бербеш керек экендигин эскерткен жагдайлары көп. Кубат Айтматов айткандай күн сайын адам болуп турууну унутпаган, өз адал эмгеги менен элге ак кызмат кылууну туу туткан, мекенчил, заманыбыздын алдыңкы, сыймыктанып айтканга татыктуу мыкты инсаны. Бул сапаттары анын жетекчилик ишинде да, күнүмдүк пендечилик жашоодо да даана көрүнүп турат. Жакшы адам жөнүндө сөз түгөнбөйт экен. Кубатты 50гө чыгыптыр деп укканда алгач ушулар эске келди. Калганы кийин да айтылар. Башкалар да мен айтпай калганды менден мыкты айтаар деген тилек менен кебимди тамам кылайын.

Майрамбек Токторов,
Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

КУТТУКТООЛОР

 

УРМАТТУУ КУБАТБЕК АСАНГАЗИЕВИЧ!

Сизди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 50 жылдык маарекеңиз менен чын дилимден куттуктайм!

Сиз ары сыймыктуу, ары кызыктуу өмүр жолун басып өтүп, жашооңуздун жарымынан көбүн журналистика тармагына жумшадыңыз. Калем менен коомду жакшы жакка үндөгөн ар кыл макалаларды жаратып,  Кыргызстандагы сөз эркиндигинин өнүгүшүнө өзгөчө салым коштуңуз.

Коомдук иштерге да жигердүү аралашып, студент кезиңизде эле Москвадагы жана Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын катарында болдуңуз. Буга москвалык кыргыз жаштарынын «Акыйкат» уюмун жетектегениңиз жана «Кыргызстан Демократиялык кыймылынын» биринчи эркин гезити болгон «Майданда» бөлүм башчы, жооптуу катчы кызматтарын аркалаганыңыз анык далил.

Айрыкча, Сиздин жигердүү ишмердүүлүгүңүздүн арты менен агартуучулардын “Кут билим” гезити республикадагы бирден-бир кесиптик басылма катары үзгүлтүксүз жарык көрүп келет. Андан тышкары, “Би-Би-Си” жана “Азаттык” кызматтарында да алгылыктуу иш алып барып, эгемен кыргыз журналистикасында татыктуу орунга ээ болдуңуз. Анткени, Сиздин дүйнөлүк маалымат каражаттарында иштеп жүрүп топтогон бай тажрыйбаңыз кыргыз журналистикасына, анын ичинде демократиялык коомдогу алдыңкы медиа маданиятын жана эл аралык стандарттарын калыптандырууда негизги ролду ойнойт.

Сизди дагы бир жолу 50 жылдык маарекеңиз менен куттуктап, бекем ден-соолук жана узун өмүр тилейм. Талыкпас эмгек, чыгармачылык ийгилик каалайм. Мындан ары да коомду жакшылыкка багыттаган макалаларды  жаратып, кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө өз салымыңызды кошо бериңиз.

 Дастанбек Джумабеков,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы   

 

Урматтуу Кубатбек Асангазиевич, Сизди «эр ортону-50 жашыңыз» менен куттуктайбыз!

Элде мындай жакшы накыл кеп бар эмеспи: «Бардыгы келет элүүгө, маселе кандай келүүдө» деген. Бул багыттан алганда, Сиз 50 жашка жаркын жүздүү патриот журналист, сергек жашоо мүнөзүн бекем тутунган кесип ээси жана мыкты инсан катары өз ордуңузду таап келдиңиз деп билебиз. Анткени Сиз бала күндөн таза абалуу Теңир-Тоодо туулуп-өсүп, чоңоюп, эрезеге жетип, кийин борбор калаага келип, ошол мезгилдеги эң башкы чоң окуу жайына окууга кирип, турмуштан өзүңүздүн келечек жолуңузду издегенсиз. Ал жолуңуз Москва мамлекеттик университетинен уланып, ал жердеги жердештерибиз менен тыгыз байланышта кыргыз жаштарынын алгач түзүлгөн «Акыйкат» демократиялык уюмунун президенти болуу менен коомчулукка таанылгансыз! Ошондогу курч жаштык жигериңизди Бишкекке келгенден кийин Кыргызстандагы биринчи эркин «Майдан» гезитинде иштеп, мезгилге кызмат кылуу менен уланткансыз. Андан кийин «Би-Би-СИ», «Азаттык-медия» кыргыз кызматтарында активдүү кабарчы болуп иштөө менен жетилдиңиз.

Сиздин ысымыңызды учурда педагогикалык коомчулук чаалыкпаган журналист жана падагогиканын активдүү жарчысы катары жакшы билет. Анткени мурдагы «Мугалимдер газетасынын», 1992-жылдан бери «Кутбилим» гезитинин башкы редактору болуу менен, педагогикалык турмуштун бардык көйгөйлөрүнө аралашып, мугалимдерге илимий-методикалык жана нормативдик жактан жакын жардамчы болдуңуз. Сиз жетектеген жылдарда аталган гезит жаңы доордун мугалиминин жаңы жарчысына өсүп жетилди. «Кутбилим сабак» деп аталган гезиттин тиркемеси мугалимдердин методикалык чеберчилигин өркүндөтө турган баалуу куралга, ошону менен бирге, мугалимдердин коомчулукка чыгар трибунасына айланды.

Сиз бүгүнкү күндө саясий багытта да, педагогикалык багытта да журналисттик чеберчилигиңизди көрсөтүү менен Кыргызстандагы, жалпы эле «медия маданиятты» көтөрүүдө үлгү да болуп келатасыз десек жаңылышпайбыз. Сиздин журналисттик маданиятыңыз, адамгерчиликтүү турмуштук позицияңыз буга далил. Ал үчүн Москва менен Лондондон, Пекин менен Хельсинкиден кесиптик билимиңизди жогорулатып, Алма-Атада, Каирде, Үрүмчүдө, Стамбулда ж.б. медиа-кызматтарда андан ары чыңдап, «Сорос-Кыргызстан», ПРООН, ОБСЕ, ЮНИСЕФ менен кызматташып топтогон тажрыйбаларыңыз, эл аралык стандарттардан алган билимиңиз чоң олжо болгон жана учурдун стилин билген журналист-публицист катары калыптандырган.

Мына ушундай эмгектериңиздин натыйжасында коомчулук менен Өкмөттүн бир катар баалуу сыйлыктарына эмгегиңиз татыды, атап айтканда, «Айкөл Манас» медалы, КР билим берүүсү менен маданиятынын мыктысы төш белгиси, КР Өкмөтүнүн атайын сыйлыгы ж.б. — ак эмгегиңиздин акыбети.

Урматтуу Кубатбек Асангазиевич! ушундай жеңиштүү жана жемиштүү эмгегиңизди оң баалоо менен, Сизге мындан ары да чың ден соолук, узак бактылуу өмүр каалайбыз!

КББАнын эмгек жамаатынын атынан президент    А.М.Мамытов

 

Урматтуу Кубатбек Асангазиевич!

 Сизди Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайлар Ассоциациясынын, Бишкек гуманитардык университетинин эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан 50- жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүн Сиз кыргыз элине белгилүү коомдук ишмер, таланттуу журналист, билим берүү, илим жана медиа тармактарынын дасыккан уюштуруучуларынын бири катары белгилүүсүз.

1996-жылдан баштап, 20 жылдан ашуун убакыттан бери “Кут Билим” газетасын жетектеп келе жатасыз. Рыноктук шарттын ар кандай кыйынчылыктарына карабай билим берүү жаатындагы бирден бир басылманын жабылып калбай, өз өмүрүн ийгиликтүү улантуусу, бала бакчадан, мектептен баштап жогорку окуу жайларга чейинки ар кандай зарыл, актуалдуу материалдарды үзбөй жарыялап келе жатышы Сиздин тынымсыз аракетиңиздин, кадыр-баркыңыздын үзүрү деп түшүнөбүз.

Сиз Дүйнөлүк маалымат каражаттарында (Би-Би-Си кыргыз кызматы, Азаттык-медиа ж.б.) иштеп жүрүп топтогон бай тажрыйбаңызды кыргыз журналистикасында жайылтып, анда демократиялык коомдогу алдыңкы медиа маданиятын жана эл аралык стандарттарын киргизүүдө орчундуу эмгек өтөп келе жатасыз.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар Ассоциоациясынын уюшулушунда, анын ишинин ийгиликтүү жүрүшүндө дагы Сиздин кызматыңыз чоң. Сиз бул кесиптик уюмдун журналынын башкы редакторусуз.

Урматтуу Кубатбек Асангазиевич, биз Сиздей таланттуу адам менен кызматташып келе жатканыбызга сыймыктанабыз жана Сизге чын ден-соолук, ишиңизге мындан аркы дагы ийгиликтерди каалайбыз.

 Абдылда Мусаев, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар Ассоциациясынын төрагасы, БГУнун ректору, профессор 

 

Урматтуу Кубатбек Асангазиевич!

Сиздин 50 жылдык мааракеңиз менен түштүктөгү билим берүүнүн флагманы болгон Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын жана жалпы студенттеринин атынан чын дилден куттуктаймын.

Сиз эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз журналистикасында эң көрүнүктүү, белдүү, акыл-парасаттуу журналисттердин көч башындасыз. Өзгөчө “Кутбилим” газетасын заманбап деңгээлге чыгарып, мугалимдердин, агартуучулардын, жалпы эле педагогдордун күтүп жана сүйүп окуган гезитине айландырдыңыз. Айрыкча Сиздин түздүгүңүз, калыстыгыңыз, ар бир мугалимге тегиз, реалдуу мамиле жасагандыгыңыз гезит беттеринде көрүнүп турат. Кыргызстандын тээ алыскы булуң-бурчтарындагы алдыңкы чыгармачыл мугалимдердин тажрыйбаларын, изденүүлөрүн гезит бетине жарыялооңуз мугалимдерге чоң интеллектуалдык жана моралдык колдоо болуп саналат.

Сиздин эгемендүү кыргыз журналистикасына кошкон салымыңыз баа жеткис. “Кутбилим” гезитинен сырткары Би-Би-Си радиосунда алып чыккан материалдарыңыз, андагы көтөрүлгөн проблемалар сиздин ар тараптуу терең билимдүүлүгүңүздөн кабар берет. Ар кандай маселенин оош-кыйышын, күңгөй-тескейин чукур иликтеп, андан кийин гана угармандардын көңүлүнө саласыз.

Сиз тыным билбеген, дайыма изденүүдө жүргөн, дүйнөлүк журналистиканын стандарттарын мыкты билген, эруди́циялуу, кесипкөй ишмерсиз. Ар кандай утурумдук интригалардан алыс болгондугуңуз үчүн республикадагы эң абройлуу жана интеллектуалдык, агартуучулук гезитти көп жылдардан бери жетектеп келе жатасыз. Анткени сиз кимдир бирөөнүн, же убактылуу саясаттын камчысын чаппастан, билим берүүнүн, илимдин, адабияттын, мугалимдин, тарбиянын камчысын чаап, элибизди жакшылыкка үндөп келе жатасыз. Өзгөчө жаш журналисттерди тарбиялоодо, аларды професионалдуулукка үйрөтүүдө сиз мыкты устатсыз.

Сиздин ар кандай адам менен ачык-айрым пикир алышканыңыз, сүйлөшкөнүңүз, айрымдардай каада күтүп, экиленбегендигиңиз, шайыр-шат жүргөнүңүз бизге жагат. Мен сиз менен замандаш, билим берүү маселесинде пикирлеш жана санаалаш, тилектеш болгондугума сыймыктанам.

Сиз тажрыйбаңыз артып, чыгармачылыгыңыз гүлдөп турган мезгилде 50 жаш кутман курагыңызды кыргыз элибиздин алдында жүзүңүз жарык белгилеп жатасыз. Кутман курагыңыз кут болсун! Жараткан сизге жакшылыктарын бере берсин, ден соолугуңуз бекем болуп, көңүлдөгү ойлоруңузду, жүрөктөгү туйгуларыңызды, акыл-сезимиңиздеги табылгаларыңызды элибиз менен бөлүшө бериңиз.

 

Каныбек Исаков,

ОшМУнун ректору, профессор

 

 

 Урматтуу Кубатбек Асангазиевич!

 Сизди эр ортону 50 жашка толушуңуз менен чын дилибизден куттуктайбыз! Кутман курагыңыз кут болуп, дагы кудай берген далай жашка чыгыңыз.

50 жаш — албетте, турмушуңузда өтө маанилүү дата, баскан жолуңузга кылчайып, өткөн жылдардан тажрыйба, даанышмандык топтодуңуз. Эмгек жолуңузга токтосок, ар дайым өтө жооптуу кызматты аркалап, билимиңизди өркүндөтүп, татыктуу билимиңиз менен газетанын чыгышына салым кошуп келүүдөсүз. Сиздин эмгегиңиз бааланып көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болдуңуз.

Сиздин калемиңизге таандык болгон билим жаатындагы жаңылыктар, окуялар, орчундуу маселелер, макалалар менен биздин сүйүктүү газетабыздын бетинен биринчилерден болуп тааныша алабыз. Сиз — ары жооптуу, кызыктуу, дайыма турмуштун агымы менен жүргөн кесиптин ээсисиз.

Кубатбек Асангазиевич, Сизге майрамдык маанай, ден соолук, ташкындаган, үзүрлүү эмгек, бакубат жашоо каалайбыз. Кыргызстаныбыздан өсүп өнүгүүсүнө дайыма салым кошуп келишиңизге тилектешпиз!

 Балдардын жана  өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун мугалимдер жана окуучулар жамааты.

 

Урматтуу Кубатбек Асангазиевич!

 Сизди Балдардын республикалык “Алтын түйүн” инженердик — техникалык академиясынын эмгек жааматынын жана жеке өзүмдүн атымдан 50 жылдык маарекеңиз менен куттуктаймын.

Учурда техникалык багыттагы, интеллектуалдык жактан өнүккөн, жаңыча ой жүгүрткөн, заман талабына шаайкеш келген, биз өткөргөн иш чараларды өзүнүз жетектеген газета, дайыма өз убагында чагылдырып турасыз.

Элүү жыл бир караганда анча көп эмес убакыттай көрүнгөнү менен, заман талабына шаайкеш келүүгө бүткүл күчүнүздү, дараметиңизди, сарптап, үзүрлүү иштеп, бараандуу ийгиликтерге жетүүгө боло турган убакыт.

Урматтуу Кубатбек Асангазиевич! 50 жылдык мааракеңиз менен чын дилимден куттуктап, ийгиликтерди жана талыкпас изденүүнү каалайм. Бар болуңуз “Кут билим” газетанын даңазалуу аты өчпөй, албан ийгиликтердин боло беришин каалайм! Дагы бир жолу мааракеңиз кут болсун!

 Урматтоо менен, БРИТА “Алтын түйүн” директору Ж.Б. Бапанова

  

«Кутбилим» гезитинин

баш редактору К.А.Чекировго

 

Урматтуу Кубатбек Асангазиевич, сизди Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин атынан 50 жылдык мааракеңиз менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай, иштериңизге албан-албан ийгиликтерди жана чыгармачылык дарамет каалайбыз.

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси ачылган күндөн баштап, “Кутбилим” гезитинин беттеринде лицейлерибиздин күнүмдүк турмушу, мугалимдерибиздин ачык сабактары, окуучуларыбыздын республикалык жана дүйнөлүк олимпиадалардагы жетишкендиктери чагылдырылып келет. Сиздин жетекчилигиңиздин алдында, республиканын билим берүү тутумундагы алдыңкы жана новатордук иш-чаралар жалпы коомчулукка жайылып келет.

Мындан ары да Кыргыз Республикасынын журналистика чөйрөсүнө салымыңызды кошуп, улуу бийиктиктерди багындырып жүрө беришиңизге тилектешпиз.

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин жамааты

Бөлүшүү

Комментарийлер