“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОру

  • 26.12.2024
  • 0

РЕДАКЦИЯДАН: Узап бараткан жыл урунттуу, тарыхый окуяларга бай болду. Билим тармагы мурда болуп көрбөгөндөй келечектүү багыттарды тандап, санариптешкен, саат сайын өзгөргөн кылымдын доошун аңдап, мезгил менен теңтайлаш боло турган чечимдерди кабыл алды. Алардын бири – 12 жылдык билим берүүгө өтүү жолунда бул тармак толугу менен трансформациялана баштады.   Министрлик заманбап билимдин арышынан калбай, батыл чараларды көрүп, өнүгүү жолуна ишенимдүү түшкөн кезде биздин “Кут Билимдин” кызматкерлеринен тышкары, сырткы авторлорубуз да четте турбай, билимдеги, илимдеги, коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүп, жакшы- жаманын ылгаган аналитикалык макалаларын жазып, гезитибиздин мындан да окумдуу болушуна көмөк берип келишти. Салт болуп калгандай, жыл жаңырар алдында мындай ардактуу, активдүү авторлорубуздун ысымын сыймык менен атап келебиз. “Кут Билимдин” кутун арттырган, арышын кеңейткенге жардамдаш болгон авторлорубузду Жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук, чыгармачылык зор ийгиликтерди каалап кетмекчибиз. Эмесе, “Кут Билимдин” 2024-жылдагы мыкты авторлорун бийик урмат менен атайлы.

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОру

Алмазбек ТОКТОМАМЕТОВ,

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОру

Рахат СУЛАЙМАНОВА,

Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор

 

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОру

Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ,

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОру

Абдылда МУСАЕВ,

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОруСоветбек БАЙГАЗИЕВ,

Кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОру

Ишенгүл БОЛЖУРОВА,

педагогика илимдеринин доктору, профессор

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОруНазаркул ИШЕКЕЕВ,

Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору, педагогика илимдеринин доктору, КР УИАнын корреспондент мүчөсү, профессор

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОруКаныбек ИМАНАЛИЕВ,

Кыргыз улуттук жазуучулар бирлигинин төрагасы

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОруАлмаз КУЛМАТОВ,

“Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОруӨскөн ОСМОНОВ,

тарых илимдеринин доктору, профессор

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОруМуратбек КАСЫМАЛИЕВ,

КРнын билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОруАбакир кызы БАКТЫГҮЛ,

Токтогул районундагы  №34 Бакы Салаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин мугалими

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОруГулзира АЙТКУЛОВА,

Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

“КУТ БИЛИМДИН” 2024-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОру

Бүүзия СУЛАЙМАНОВА,

ардагер мугалим, Базар-Коргон району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер