КУТ БИЛИМЧИЛЕР ЫСЫК-КӨЛДӨ

  • 14.08.2023
  • 0

11-августта «Кут Билим» гезитинин 70, «Эл агартуу» журналынын 95, «Русский язык в школах Кыргызстана» журналынын 65 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция Жети-Өгүз районундагы Д.Иманов атындагы орто мектебинде өттү.

КУТ БИЛИМЧИЛЕР ЫСЫК-КӨЛДӨ

Конференциянын максаты – мезгилдик басылмалардан керектүү маалымат алуу менен бирге мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу максатында методикалык иштелмелерди талкулоо.

Жети-Өгүз РБББнүн башчысы Максат Асанкожоев жана директорлор катышкан иш-чарада докладдар окулуп, сунуш-пикирлер айтылды. Билим берүү басылмалары менен мугалимдер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, билим берүүдөгү педагогикалык алдыңкы тажрыйбаларды билим берүү басылмаларына жарыялоо, “Кут Билим” медиа борбору аркылуу мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу, билим берүү уюму басылмалар менен бирдикте “PISA-2025» ке даярдык көрүү резолюциясы кабыл алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер