«КУТ БИЛИМ» ЖЕКЕ МЕКТЕБИНДЕГИ ОКУЯ БОЮНЧА РАСМИЙ МААЛЫМАТ

  • 09.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган мектеп окуучусунун сабалышы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Аталган окуя 2026-жылдын 29-майында Жети-Өгүз районундагы жеке менчик “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде болгон.

Учурда бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан тийиштүү териштирүү иштери өзгөчө көзөмөл менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле билим берүү мекемесинде окуучулардын ата-энелери менен жакындан түшүндүрүү иштери уюштурулду.

Түзүлгөн кырдаалдан улам окуу-тарбия комплексинин мурдагы директору ээлеген кызматынан бошотулду. Ал эми билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратпоо жана мекемедеги тартипти чыңдоо максатында учурда жаңы дайындалган директор өз ишмердүүлүгүн баштады.

P.S: Бул окуя Жети-Өгүз районундагы жеке менчик мектепте болгонун жана анын «Кут Билим» медиа борборуна тиешеси жок экенин белгилейбиз.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер