«КУТ БИЛИМ» МИГРАНТ МУГАЛИМДЕРДИ ИЗДЕЙТ!

  • 31.01.2025
  • 0

Кыргыз диаспора Кеңешинин билим комитети “Кут Билим” медиа борбору менен биргеликте дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгек миграциясында жүргөн кыргыз мугалимдеринин арасында “Кесибим жана миграция» аталышындагы дилбаян сынагынын 2-этабын жарыялайт.

Сынактын максаты — миграцияда эмгектенип жүргөн мугалимдердин өз кесибине кайтуусуна өбөлгө болуу жана кызыгуусун арттырууга көмөктөшүү.

Баш байге: чет жерге эс алуу

 

Дилбаянга коюлуучу талаптар:

 

—  Дилбаян кыргыз тилинде кабыл алынат.

— Дилбаян барак бетине терилген түрдө же электрондук түрдө кабыл алынат. Кол жазмалар кабыл алынбайт.

 

—  Дилбаяндын көлөмү — 3 беттен 5 бетке чейинки А4 форматындагы 12 шрифтте, интервалы 1 менен басылууга тийиш.

 

—  Дилбаян 3 бөлүктөн болушу керек: кириш сөз, негизги бөлүгү жана корунду.

 

—  Дилбаянда автор өзү жазган текст гана болушу  шарт.  Шилтемелер алынган маалымат булагына таянуу менен белгилениши керек. Тике келтирилген цитаталар дилбаяндын көлөмүнүн 10% ашпоого тийиш.

 

Сынактын шартына ылайык, сынакка жөнөтүлгөн бардык дилбаяндар Уюштуруу комитети тарабынан тексттин уникалдуулугу, б.а. плагиаттын бар же жоктугу текшерилет. Текшерүүдөн өткөн дилбаяндар калыстар тобунун мүчөлөрүнө жашыруун, б.а. катышуучунун аты-жөнү көрсөтүлбөй, сыр сөз жазылган түрдө жөнөтүлөт.

 

Дилбаяндарды баалоо критерийлери:

 

  • теманы толук ачып берүү;
  • негизги ойду ачык, так баяндап берүү;
  • баяндоо стили (көркөм);
  • жазуу сабаттуулугу;
  • андан аркы иш үчүн пайдалуулугу, тажрыйба бөлүшүү;
  • дилбаяндын темасына стандарттан тышкары мамиле жасоо;

Дилбаяндар 2025-жылдын 15-мартына чейин [email protected] дареги боюнча кабыл алынат.

Кошумча маалымат: +79959042006 (Таалайкүл Токтобековна)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер