«КУТ БИЛИМ» МЕДИА БОРБОРУ” МАМЛЕКЕТТИК СОЦИАЛДЫК ЗАКАЗ БОЮНЧА КОНКУРСТА 1 МИЛЛИОН СОМДУК ДОЛБООРДУ ЖЕҢИП АЛДЫ

  • 30.06.2026
  • 0

 

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Мамлекеттик социалдык заказ боюнча өткөргөн Республикалык конкурсунун жыйынтыгы чыкты. Анын алкагында «Кут Билим» медиа борбору сунуштаган «Билим берүү- өнүгүүнүн стратегиялык ресурсу» аттуу долбоору менен жеңүүчү деп табылып, 1 000 000 (бир миллион) сомдук грантка ээ болду. Долбоордун жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды министр М.Мамбеталиев өз колу менен тапшырып, социалдык заказдын маани-маңызына токтолуп, жеңүүчү меди жамаатарга ийгилик каалады.

"КУТ БИЛИМ" МЕДИА БОРБОРУ” МАМЛЕКЕТТИК СОЦИАЛДЫК ЗАКАЗ БОЮНЧА КОНКУРСТА 1 МИЛЛИОН СОМДУК ДОЛБООРДУ ЖЕҢИП АЛДЫ

Бул демилге мамлекет тарабынан маалымат чөйрөсүндөгү социалдык долбоорлорду биринчи жолу түзүн-түз каржылоо багыты болуп саналат. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин билдирүүсүнө ылайык, акыркы жылдары өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоого жана сапаттуу журналистиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багыт Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саясатынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.

"КУТ БИЛИМ" МЕДИА БОРБОРУ” МАМЛЕКЕТТИК СОЦИАЛДЫК ЗАКАЗ БОЮНЧА КОНКУРСТА 1 МИЛЛИОН СОМДУК ДОЛБООРДУ ЖЕҢИП АЛДЫ

Долбоордун негизги максаттары: Мамлекеттик тилде сапаттуу жана заманбап маалыматтык контентти түзүү; Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо жана алардын коом алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү; Жаштардын аң-сезимин калыптандыруу, жарандык жоопкерчиликке, мекенчилдикке тарбиялоо жана коомдогу биримдикти чыңдоо болуп эсептелет. Конкурстун алкагында коом үчүн маанилүү болгон 15 тематикалык багыт аныкталган. Бул багыттар  атайын медиа илимий-изилдөө борборлору жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына жана министрликтин расмий сайтындагы коомдук сурамжылоолорго негизделген. Министрликтин өкүлү баса белгилегендей, конкурска сунушталган бардык долбоорлорду Гранттык комиссия ачык жана калыс баалоонун негизинде жеңүүчүлөрдү аныктаган. Салтанаттуу иш-чарада жеңүүчүлөргө атайын сертификаттар тапшырылды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри М.Мамбеталиев өз сөзүндө эгерде бул жолку демилге өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтсө, кийинки жылдан тартып каржылоонун көлөмүн көбөйтүү жана кеңири багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын белгиледи.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер