“КУТ БИЛИМ” АЛМАЛУУНУН МЕКТЕБИНДЕ

  • 22.05.2023
  • 0

“Кут билим” гезитинин 70,  “Эл агартуу” журналынын 95, “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдык юбилейине арналган жолугушуу Чүй облусунун Кемин районундагы Алмалуу айыл өкмөтүнө караштуу Алмалуу айылындагы Тентике Өмүралиев атындагы мектебинен башталды.

“КУТ БИЛИМ” АЛМАЛУУНУН МЕКТЕБИНДЕ

Иш-чаранын алкагында, мугалимдер арасында “Педагогикалык маалымат каражаты – кут билим казынасы” темасында дилбаян жазуу сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр: Асель Асаналиева, Бурул Үмөталиева, Канышай Төлөбековага  акчалай сыйлык жана грамоталар тапшырылды.

Андан сырткары, окуучулар да мектеп ысымын алып жүргөн, эки кабаттуу мектептин курулушуна зор салымын кошкон Тентике Өмүралиевдин 100 жылдыгына арналган дилбаян жазышып, үч алдыңкы окуучулар: Айдана Супатаева, Айтурган Калыбекова, Баяна Усенова акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Жолугушуу мектеп окуучуларынын чакан концерттик программасы менен коштолду.

Мындай иш-чара Билим берүү жана илим министринин буйругу менен республиканын бардык аймактарында өткөрүлмөкчү.

Бөлүшүү

Комментарийлер