«КУТ БИЛИМ» — 20-КЫЛЫМДЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНҮН «САНЖЫРАСЫ», 21-КЫЛЫМДЫН «НУР ЧАТЫРЫ»
- 23.06.2023
- 0
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин К.Токтомаматов атындагы жыйындар залында «Кут Билим» гезитинин 70, «Эл агартуу» журналынын 95, «Русский язык в школах Кыргызстана» журналынын 65 жылдык мааракесине арналган «Педагогикалык басма сөз — куттуу билим казынасы» аталышындагы илимий конференция болуп өттү.
Бул иш-чарада КР Президентинин кеңешчиси Арслан Капай уулу Койчиев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Төлөбек Абдрахмановдор куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Конференциянын алкагында педагогика, советтик журналистика, жаңы медиа, «Кут билим» гезитинин тажрыйбалары ж.б. жөнүндө баяндамачылар кызыктуу доклад окуп, сунуштардын негизинде резолюция кабыл алынды.
Толуктап кетүүчү жагдай, баяндамачылардын катарында жогорку окуу жайлардын окутуучулары, мектеп мугалимдери, изилдөөчүлөр, журналисттер бар. Алар: Кыргызстан эл аралык университетинин профессору Зина Караева; Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору Жеңишбек Чыманов; Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы Алтын Асанова; Кыргыз билим берүү академиясынын филологиялык билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери Сулайман Рысбаев; журналист, талдоочу Кубан Табалдиев; Ж.Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун доценти Абдыганы Халилов; Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучусу, саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбеков; КР эмгек синирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов; КР эмгек синирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова; Ж.Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун доцентиАйна Дүйшөкеева; Казакстандагы Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов; билим берүүнүн мыктысы Мариям Ирисова; окумуштуу-педагог Алмаз Токтомамбетов жана «Русский язык в школах Кыргызстана» журналынын башкы редактору Гүлжигит Соронкулов.
Иш-чаранын модератору, профессор Назаркул Ишекеев юбиляр басылмалар өлкөдөгү билим берүү тармагынын өткөнүнүн, келечегинин таржымалдары жазылган тарыхнаама деп баса белгиледи.
— Анда жалпы педагогиканын, дидактиканын, атайын педагогиканын, ошондой эле окутуунун жана тарбиялоонун теориясынын практикасынын антологиясы. Билим берүүдөгү жана тарбиялоодогу салттуулук менен инновациялык технологиянын акыл ордосунун аянтчасы. Бул басылмаларды билим берүүдөгү батыш менен чыгыштын, улуттун жана бүткүл адамзаттык баалуулуктардын философиясы десек болот. Окутуу жана тарбиялоо боюнча аналитикалык ой жүгүртүүнүн, көз караштардын көп түрдүүлүгүн жана актуалдуулугунун майданы. Албетте, бул басылмалар 20-кылымдын билим берүүсүнүн «санжырасы», 21-кылымдын «нур чатыры». Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректоратынын жана жалпы жамаатынын атынан маараке ээлерин ак дилден, чын пейилден куттуктайбыз! Андан сырткары, бул гезит-журналдар азыркы күндөгү окутуучу менен студенттин интеллектуалдык акыл-эсин байытууга салым кошуу менен биргеликте, бир гана билим берүүдөгү негизги милдеттерден сырткары, заманбап педагогиканын, технологиянын, ата мекендик жана чет өлкөлүк мугалимдердин тажрыйбалары, чыгармачылык табылгалары менен бөлүшүп, мамлекеттик билим берүү саясатын жөнгө салган мыйзамдар, улуттук документтер, нарк-дөөлөттөрдүн, маданий мурастардын үгүттөөчүсү, мугалимдердин кесиптик кеңешчиси, колдоочусу, сырдашы десек болот. Маалымат таратууда тактык, чындык, абийирдүүлүк, эрк, жогорку деңгээлдеги этикалык позиция бул гезиттин, журналдардын иштеринен айкын көрүнүп турат, — деди профессор.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин Илим башкармалыгынын башчысы Жылдызбек Жакшылыков басылмаларды мааракеси менен куттуктап, конференциянын программасында белгиленген баяндамалардын темалары абдан кызыктырганына токтолду. — Мисалга ала турган болсок, ушул басылмалардын «Кыргызстандагы педагогикалык адистерди даярдоонун пульсу» деген тема мага абдан кызыктуу көрүндү. Буюрса, конференция абдан ийгиликтүү болуп, кызыктуу, пайдалуу сунуштамалар резолюцияда орун алат деп ишенебиз. Бул үч басылма кичирейип жүрүп отуруп бир медиа борборго айланган. Бул эмне деген сөз, мамлекеттин айла жогунан кылган иши. Баягы мүмкүнчүлүк, каржылык тартыштыктан улам кичирейип кеткен. Биздин Билим берүү жана илим министрлигинин позициясы — мүмкүнчүлүк болор менен кайрадан жандандырып, каржылык колдоону көбөйтүү. Ар бир киши чыгармачыл келет. Ушул саясатты КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим бөлүмү катары биз алып барабыз. Аппараттык кеңешмелерде айтабыз, илимди колдоого бөлүнгөн каражаттар бар республикалык бюджеттен, ошону пландап жатабыз. Мен барарым менен тапшырма берип, «Кут билим» медиа борбору менен бирге, буюрса илимий-изилдөө ишин жүргүзөбүз деп ойлоп жатам. Ал жерде каржылык колдоо болот, ошонун алкагында. Экинчиден, бул басылмалар педагогдорду, окутуучуларды, мугалимди окуткан бир методикалык булак. Ушул жерден өздөрүн өркүндөтөт, билимин арттырат, каталарын оңдойт, кээ бир макалалар менен миңдеген мугалимдерде синергия кылса болот. Мисалга, бир күчтүү макала миңдеген адамды козголтуп, багыттап, кээ бир маселелерди чечип коюшу мүмкүн. Ошол макаланы жайылта билүү мамлекеттин иши. «Кут билим» 70 жылдан бери өзүнүн ишин маңдай тери менен аткарып келе жатат, жүзү жарык десек болот. Ушул жерде миңдеген баасы жок басылмалар, ойлор, пикирлер бар, болгону ошону мамлекет колдоп, жайылта билиш керек, ар бир мугалимге, класс жетекчиге, окуучуга. Ошондо, жана Президенттин кеңешчиси Арстан Капай уулу айткандай, көп маселени «Кут билим» аркылуу эле чечип койсо болот. Көйгөйдү күчтүү макала менен коомго ачыктап, синергия жаратып жойсо болот. Бирок, ал үчүн санариптешкен доорубузду унутпашыбыз керек. Издөөгө келгенде же вебсайтка кирип же архивге баруу кажет, себеби көп маалымат ачык эмес. Кээ бир нерсени жасалма интеллект түшүнбөйт, билбейт. Менин оюмча, 70 жылдык архив, чети, ачкычы, кулпусу көрүнгөн казынаны эч ким толук сактап кала албайт, мамлекет, эл, акыл-эсибиз дагы, аны толук сактап калуу үчүн жасалма интеллектке киргизүүбүз кажет деп эсептейм. Эртеңки күн жети миллион эл «Кут билимден» каалаган маалыматын сурап, билип алат. Текшерилген, электен өткөн, баалуу, ишенимдүү илимий ойлорду ар бир мугалим, окурман «Кут билимден» ала алат. Мына ошентип, кесипкөй педагогдорду эффективдүү жол менен үйрөтүп алабыз, — деди башкармалыктын башчысы.
Келген коноктордун ичинде «Кут Билим» гезитинин мурлагы башкы редактору Талант Конокбаев да иш-чаранын өтүп жатканына кубанганын билдирди.
— «Мугалимдер газетасынын» «Кут билим» аталышына өткөнүнө 30 жыл толду. Мен бир учурларда башкы редактор болуп келген жагдай бар. Финансылык жактан көйгөйлөр болуп, улуттук баалуулуктар сынып, баары өзгөрүп жаткан мезгилде ушул гезитте башкы редактор катары эмгектендим. Бирок гезиттин багытын алып кетебиз деп аябай аракет кылдык деп ойлойм. Албетте, бир топ кыйынчылыктар болду. Эң негизгиси, кадрларга байланыштуу болот экен. Чындыгында азыркы күндөгү чыгаан журналисттер мурун «Асабада», «Кут билимде» иштечү. Гезиттин саясатташып кеткен учурлары дагы болгон. Бирок газета азыркы күндө өнүгүп жатат, — деди Т.Конокбаев.
Мындан сырткары «Кут Билим» медиа борборунун директору Кубат Чекиров конференцияда басма сөздүн эркиндиги, этикасы жөнүндө кеп болооруна токтолду.
— Бүгүнкү күндө коомду агартуучу ролду «Кут билим» газетасы 70, «Эл агартуу» журналы 95, «Русский язык и литература в школах Кыргызстана» журналы 65 жыл бою ушул чоң милдетти, жоопкерчиликти аткарып келе жатат. Бирок доор өзгөрүп жатат, жаңы медиа деген түшүнүк пайда болду. Медиа сабаттуулук, санарип сабаттуулук деген актуалдуу маселе болуп жатат. Ушунун баарын эске алуу менен маалымат каражаттарына дагы коюлган милдет жаңыланып жатат. Жаңы контексттер кабыл алынышы зарыл. Жалпы эле билим берүүдөгү, турмуштагы улуттук идеологиянын, өнүгүүдөгү стратегиялык багыттагы ролун кайра карап чыгууну илимий негизде талкуулап алыштын өзүнчө бир зарылдыгын көрүп турган үчүн ушундай аталыштагы конференцияны чакырып жатабыз. Программада көрсөтүлгөн докладдар, баяндамалар ар кыл темадагы кызыктуу эмгектер экенин көрүп турабыз. Бүгүн ошол эмгектердеги орчундуу, ток этер жерлерге кыскача токтолушат. Ал эми докладдардын толук версиясын өзүнчө чогултуп, жыйнак кылып чыгарып, жалпы жогорку окуу жайларына, маалымат каражаттарына, тийиштүү илимий кызматтарга таратып беребиз. Анан, албетте, «Кут билимдин» сайтына, социалдык түйүндөрүнө коюлат, — деди К.Чекиров.
Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»,
Бактыгүл Өмүралиева, студент-практикант
Комментарийлер