КУРУЛТАЙ НЕМИС ТИЛИН ЖАЙЫЛТУУНУ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТҮҮНҮ КӨЗДӨЙТ

  • 27.04.2024
  • 0

2024-жылдын 27-28-апрелинде «Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинде немис тили мугалимдеринин XIV  республикалык курултайы башталды. Бул маанилүү иш-чара немис тилин жайылтуу жана тереңдетүүгө арналган билим берүү тармагындагы адистердин башын бириктирди.

КУРУЛТАЙ НЕМИС ТИЛИН ЖАЙЫЛТУУНУ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТҮҮНҮ КӨЗДӨЙТ

Курултай немис  тилин ийгиликтүү окутууга көмөктөшүүчү заманбап окутуу ыкмаларын талкуулоо жана алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү максатын көздөйт,   немис  тилин окутуунун сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү профессионалдык өнүгүү жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү  болуп саналат.

Иш-чарада билим берүү тармагынан чакырылган адистердин презентациялары, эл аралык программалардын алдыңкы сабактары түштөн кийин башталат. Курултайга  Германия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген немис тили мугалимдери жана ошондой эле лингвистикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар адистер катышууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер