КУРМАНБЕК БААТЫР АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД ЛИЦЕЙИНЕ 30 ЖЫЛ

  • 28.04.2023
  • 0

КУРМАНБЕК БААТЫР АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД ЛИЦЕЙИНЕ 30 ЖЫЛ

ЛИЦЕЙ-БИЛИМ УЯСЫ: КЕЧЭЭ, БҮГҮН  1993–2023-жылдар

Лицей 1993-жылы 27-декабрда Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги менен Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин ортосунда өз ара кызматташуунун негизинде мамлекеттик жана менчик лицей болуп ачылган. Лицейдин ачылышына тунгуч президентибиз Аскар Акаев катышкан. Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2001-жылдын 25-декабрындагы №630 токтомунун негизинде лицейге Курманбек баатырдын аты берилген. 2002-жылдын 1-январынан жеке менчик лицей болуп ишмердүүлүгүн улантып жатат.

Лицейде окутуу төрт тилде: кыргыз, түрк, орус, англис тилдеринде жүргүзүлөт. Табигый-математикалык предметтер: математика, физика, химия, биология, информатика сабактары англис тилинде окутулат. Анын ичинен англис тили жана информатика предметтери тереңдетилген программанын негизинде окутулат. Окутуу түрк тили сабагы түрк тилинде, ал эми калган предметтер кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Окуучуларга билим берүүдө табигый-математикалык предметтерди (математика, информатика, химия, биология, физика) окутууда жана англис тили предметтери кембридж баалоо системасынын программасы колдонулат. Кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, тарых, география, экономика, музыка, көркөм өнөр, дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо предметтери боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептери үчүн сунуш кылынган программа колдонулат. Лицейди аяктаган окуучуларга мамлекеттик үлгүдөгү орто билими тууралуу аттестат жана англис, түрк тилдеринен жана информатика предмети боюнча жылдык баасынын негизинде сертификат берилет.

2022-2023 – окуу жылындагы улуттук олимпиаданын  жыйынтыгы

Окуучунун аты-жөнүКлассыАлган ордуПредмети
1Беккоёнов Тенгиз

Тынычбекович

 

11-БIинформатика
2Бактыбаев Азирет

Эрмекович

10-БIIхимия
3Курсаналиев Исабек

Мураталиевич

11-AIIIбиология
4Омурбеков Памир Сатывалдыевич9-CIIIфизика
5Садирбеков Санжар

Садирбекович

9-DIIIинформатика
6Бусурманкулов Канимет9-CIIIматематика

2022-2023-окуу жылындагы Республикалык олимпиаданын  жыйынтыгы

Окуучунун аты жөнүКлассыАлган орду   Предмети
1Беккоёнов Тенгиз

Тынычбекович

11-БIинформатика
2Медетбеков Азамат

Нурасылович

10-БIIIматематика

30 жыл ичиндеги

жетишкен ийгиликтер:

 Областтык олимпиадаларда 418 окуучу,

 Республикалык олимпиадаларда 123 окуучу,

 Дүйнөлүк олимпиадаларда 58 окуучу,

 “Алтын тамгага”- 130 окуучу,

 “Алтын сертификатка” — 9 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту.

Окуучуларыбыздын жалпы республикалык тестирлөөдө ийгиликтерге жетүүсүндө Ергешева
Чинара, Камилова Гулчехра,
Абакирова Таттыбү сыяктуу тажрыйбалуу мугалимдердин жасаган эмгектерин айтып өтсөк болот.

1993–2023-жылдар аралыгында лицейди 1308 бүтүрүүчү аяктады.

Бүтүрүүчүлөрүбүз АКШ , Улуу Британия, Германия, Италия, Франция, Польша, Венгрия, Кытай, Түштүк Корея , Индия, Малайзия , Тайвань, Индонезия, Сингапур, Россия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу чет өлкөлөрдө жана Кыргызстанда окуп жана эмгектенип жатышат.

Замандын талабынан артта калбай окуучулардын жана кызыктар тараптардын сунушун эске алуу менен лицей 2018-2019-окуу жылынан баштап, 10-11-класстарга профилдик багытта окутуу системасына өтүп, үч багытта билим берип келе жатат. Алар:

  1. Социалдык-гуманитардык багыт;
  2. Физика-математикалык (инженердик) багыт;
  3. Табигый-илимдер (медициналык) багыт.

9-класстын окуучулары 10-класска көчкөндө шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша жогорудагы профилдик багыттын бирөөсүн тандайт.

Социалдык-гуманитардык багытта – тарых, адам жана коом предметтерин,

Физика-математикалык (инженердик) багытта – математика, физика предметтерин;

Табигый-илимдер (медициналык) багытта – химия, биология предметтерин тереңдетип окушат. Башкача айтканда, окуучулар тандап алган кесибине 10-11-класстан баштап даярдана баштайт.

2021-2022-окуу жылынын аягында лицей эл аралык кембридж баалоо системасынын аккредитациясынан өтүп, сертификатына ээ болдук.

Кембридж баалоо системасында мугалим маалыматтын жалгыз булагы эмес, окуучу менен өнөктөш катары билим берүү процесси жүргүзүлөт. Мугалим тарабынан сабактын максаты окуучулар менен биргелешип коюлат жана милдеттерин окуучулар кабыл ала тургандай кылып түшүндүрүлүп берилет.

Лицейде 2022-2023-окуу жылында 20 класс комплектинде 455 окуучу билим алууда.

Окуучуларга билим-тарбия берүүдө 41 мугалим эмгектенет. Чет мамлекеттен келип иштегендер Түркиядан бир, Азербайжандан эки, Казакстандан бир, Индиядан бир, калган мугалимдер жергиликтүү.

Алардын ичинен билим берүүнүн мыктылары – он,

КР билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасынын ээлери – он,

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин мыктылары – сегиз,

Жогорку билимдүүсү — 40,

Атайын орто билимдүүсү – бир,

Жаш мугалимдер – он.

Бөлүшүү

Комментарийлер