КУРБУ АЙЫЛЫНА ЖАНЫ МЕКТЕП КУРУЛАТ

  • 05.04.2023
  • 0

Ак-суу районунун Курбу айылына жаңы мектеп курулат. Имараттын пайдубалына капсула салуу аземине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун техникалык адиси И.Дюненбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

КУРБУ АЙЫЛЫНА ЖАНЫ МЕКТЕП КУРУЛАТ

Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланат. Жалпы тендерлик баасы 47 млн. 116 мин сомду түздү. Учурдагы мектептин имараты авариялык абалга келип, балдар үчүн кооптуулукту жараткандыктан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жаны билим берүү имаратын куруу сунушу келип түшкөн. Фонд ​ бул демилгени колдоого алып, тийиштүү акча каражатын бөлө баштады. Учурда курулуштун баштапкы этаптары башталды. Жаны курулуп жаткан мектеп​ 200 орундуу жана бардык тийиштүү шарттары менен болмокчу.

Бөлүшүү

Комментарийлер