КУЛБОЛДУ ИСАЕВ: ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫК- ДЕН СООЛУК

  • 04.04.2024
  • 0

КУЛБОЛДУ ИСАЕВ: ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫК- ДЕН СООЛУКОкуучулардын,студенттердин, жаштардын жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин руханий, дене тарбия жана маданий өнүгүүсүн калыптандыруу максатында Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору ачылып, эки  жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жатат. Борбордун иш-аракеттери, максаттары тууралуу анын директору Кулболду Исаев айтып берди.

-Бул борбор 2021-жылы сентябрь айында расмий ачылган. 2017-жылга чейин  республикалык “Жаштык” борбору жаштардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыӊдап, спорт менен машыктырып келген. Тилекке каршы, ал жана мамлекеттеги спорт мектептеринин баардыгы Дене тарбия жана спорт агентигинин карамагына берилип кеткен. Ошондон бери Билим берүү жана илим министрлигинде спорт, ден соолукту чыңдоо боюнча иш-аракеттери солгундап, спорттук көрсөткүчтөр төмөндөп, өксүп калган. Албетте, билим алуу сөзсүз керек деңизчи, бирок ошол илим-билимди сиңирүү үчүн биринчи кезекте ден соолук зарыл эмеспи. Мурда балдарды көчөдөн, спорт аянтчаларынан үйгө киргизе албасак, азыр тескерисинче,  телефон,гаджет кармап, интернеттен башы бошобогон балдарды көчөгө чыгара албай калдык. Расмий маалыматтарга караганда, учурда мектеп окуучулардын 60-70 пайыздан ашыгы скалиоз менен ооруп,  көрүү жагы да начарлап кеткен. Кол телефон, санарип технологиясынын пайдасы да бар, бирок ден соолукка зыянын дагы  унутпашыбыз керек.

Борбор ачылгандан бери  дене тарбияга, маданий өнүгүүнү калыптандырууга басым жасап, бир топ иш-аракеттерди аткарып, көптөгөн спорттук иш-чараларга катыштык. Бир топ демилге көтөрүп, иште жылыш бар. Бизге да “Эмгек резервдери” спорт коомун кошуп жатат, бир министрликте эки спорт уюму бар болчу, ошондуктан оптималдаштыруу бүткөндөн кийин бир уюм калтырдык.

КУЛБОЛДУ ИСАЕВ: ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫК- ДЕН СООЛУК-Борборго берилге имаратыңыздардын абалы кандай?

— Биздин борбор жайгашкан имарат кесиптик техникалык билим берүү тармагынын маданият үйү болгон. Каралбай калгандыктан оңдоо-ремонт иштери жасалып, биртоп түйшүк тартык. Спорт ийрими үчүн зал даярдалып, “Эмгек резервдери” коому да  бизге кошулуп жаткандан  жети дубан менен толук кандуу иштей баштадык. Ар бир облуста жогорку окуу жайлар жана мектептер менен иштеген өзүнүн координатору болду. Маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн дагы концерттик залды ремонттоп, оңдоп түзөө үчүн каражат издеп жатабыз. Музыкалык аспаптар, жабдуулар жокко эсе экен.

— Дене тарбия менен маданият ушул бала бакча жана мектептен башталышы керек, бул өзүнчө бир руханий булак сыяктуу. Ал үчүн спорттук аянтчалар, жабдуулар зарыл эмеспи. Бул маселе кандай чечилүүдө?  

— Азыркы күндө институт жана окуу жайларды карап чыктык. Каржы жагынан жетишсиз болуп, өлкө аймагын бүт кыдыра алган жокпуз. Чынында дене тарбия сабагына өгөй мамиле кылып, туура эмес убакытта өткөрүлгөн жагдайлар бар. Кээ бир мектептерде дене тарбия мугалимдердин саны жетишсиз. Айылда спорт аянтчалары жана залдары бар, бирок жабдуу жок, совет убагында калгандардын эскилиги жеткен, жаңы жабдууларды сатып алууга каражат такыр жетпейт. Ошондуктан кесиптик лицейде окугандар спорттук аянтча куруп, жабдууларды да жасап берүү демилгесин колго алдык. Каалагандай эскиздери бар жана баасы да эки-үч эсе арзан болот. Кесиптик лицейдин студенттери өздөрү орнотуп да беришет. Ушундай жол менен айыл жергесиндеги мектептерди спорттук жабдуулар менен камсыз кылсак болот. Кээ бир жогорку окуу жайлар фирмалар менен келишим түзүп, спорт аянчасын жасатып жатат. Себеби жеке фирмалар оңбогондой акча сурашат экен. Алардын эсеби боюнча бир мектепке орто эсеп менен миллион сом кетет. Эгерде биздин кесиптик техникалык окуу жайлар жасаса эки-үч эсе үнөмдөсөк болот. Бул биринчиден, бизге, акчабызды үнөмдөөгө пайдалуу болсо, экинчиден, окуу жайлар да каражат таап алышат, үчүнчүдөн,  студенттерине практикалык иш, тажрыйба болот.

Чынында эле акробатикалык жабдуулар кымбат. Биздин окуучулар топ менен футбол, баскетбол, волейбол ойношот, жеңил атлетикада бир нече айлампа чуркашат, жабдуу жок болгонуна жеке спорт түрүнө карабай, каалоо болсо гана ийгилик жаратууга мүмкүн.

КУЛБОЛДУ ИСАЕВ: ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫК- ДЕН СООЛУК— Окуу куралдары, методикалык көрсөтмө куралдар жетиштүүбү?

-Борбордун эң башкы милдети билим берүү уюмдарынын маданият жана дене тарбия кызматкерлерин окуу-методикалык жактан камсыз кылуу жана квалификациясын жогорулатуу. Окуу, спорт мекемелерине жана башка спорт-маданий уюмдарына усулдук жана спорттук-массалык иштерди уюштурууда ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында методикалык көрсөтмө куралдарды, китептерди чыгарууга аракеттер көрүлүүдө. Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептерде спорттук ийримдердин жана спорт уюмдарынын, клубдарын  ишин уюштуруу боюнча методикалык колдонмолор иштелип чыгууда. Ошондой эле Билим берүү академиясы дене тарбия сабагынын программасын иштеп баштап, бирок каржылоо жок аягына чыкпай калыптыр. 5-9-класска чейин гана даяр программа бар экен. Ал эми 1-4-класс менен 10-11-класстыкы жок. Азыр ошол программаны аягына чыгалык деп адистер менен кеңешип, иш аягына чыгып калды. Ошондуктан 10-11-класстарга түзүлгөн программа кесиптик техникалык коллежд, лицей, техникумдарга да жарайт. Анткени 9-класстан кийин барган балдар менен жаш курагы бирдей эле болот. Учурда  методикалык сунуштарды иштеп чыгуу үчүн адистерди тартып, аракет кылып жатабыз. Тилекке каршы, бул жаатта мыкты иштей турган адистер жетишсиз экен.

КУЛБОЛДУ ИСАЕВ: ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫК- ДЕН СООЛУК— Эл аралык студенттердин спорт уюмдары жана Бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндарынын уюштуруучулары менен байланышып жатасыздарбы?

— Жакында биздин студенттик спорт федерациясы түзүлгөн, биз алар менен тыгыз иш жүргүзүп жатабыз. Былтыр жайында Кытайдын Чэнду шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк Универсиада оюндарына спорттун 5 түрү боюнча 16 студент спортчубуз катышып келди. Жеңил атлетика боюнча Нурсултан Кеңешбеков коло медаль утуп алды.  Былтыр август айында Россиянын Екатеринбург шаарында Шериктеш мамлекеттеринин универсиада оюндары өткөн, ага биз катышып келдик. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 30 спортчу студент барып, спорттун 7 түрүнөн  4 алтын, 6 күмүш, 2 коло медаль утуп алышкан. Жалпы жыйынтыкта 36 мамлекеттин арасынан биз алтынчы орунга ээ болдук. Ошондой эле Казакстандын Түркестан шаарында Түрксой уюмунун Универсиада оюндарына Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Казакстан мамлекеттеринин  500 студент спортчусу катышып, атаандаштык курч мүнөздө өткөн эле.  биз 14 жогорку окуу жайынын студенттери 28 медаль (2 алтын, 9 күмүш, 17 коло байге) жеңип алышкан.  Алдыда дагы эл аралык мелдештерге катышууга камылгалар көрүлүүдө.

КУЛБОЛДУ ИСАЕВ: ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫК- ДЕН СООЛУК— Маданий тармак боюнча кандай иштерди, долбоорлорду аткарып жатасыздар?

— Бул борбор түзүлгөнгө чейин маданий иш-чараларга анча көңүл бурулбай келген экен. Ошондуктан эң башкы максат катары-тарыхый-маданий мурастарды сактоого, аны пайдалануу жана өнүктүрүү багытында иш алып баруудабыз. Ошондой эле элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү, студенттердин, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын маданий турмушка катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Башталгыч класстардын музыка мугалимдери үчүн нота китебине методикалык колдонмо даярдап жатабыз. Мектеп театры сынагын уюштуруп, окуучулардын рухий жактан өнүгүшүнө басым жасап жатабыз. Борбордун үчүнчү багыты- аскердик-патриоттук тарбиялоо. Ошондуктан аскердик даярдык боюнча кызматкер алдык. Коргоо министрлиги менен биргеликте жаштардын мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу максатында иш алып баруудабыз.КУЛБОЛДУ ИСАЕВ: ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫК- ДЕН СООЛУК

Кабыл Макешов, “Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер