“КУЛАККА ТАРТУУ” САЯСАТЫ ЖАНА АДАМ

  • 07.04.2021
  • 0

 «Эсимде» талкуу аянтчасында «”Кулакка тартуу” саясаты жана адам» аттуу долбоордун презентациясы өттү. Иш-чарада Украинанын аймагына сүргүнгѳ айдалган адамдардын тагдырын камтыган жыйнактын жана «кулакка тартуу» саясаты тууралуу сайттын презентациясы болду.

Бул долбоор  ХХ кылымдын 30-жылдарында кулакка тартылып, Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгѳ айдалган адамдардын тагдырын изилдөөгө багытталган. Долбоордун алкагында Украин ССРине депортацияланып, «эл душмандары» деп жарыяланган үй-бүлѳ тагдырларын камтыган биографиялык жыйнак даярдалды.

—  Жыйнакта — сүргүн окуялары жана бөтөн жерде болуп өткөн кайгылуу жылдар жөнүндө күбөлөрдүн эскерүүлөрү, сүрөттөрү, сүргүнгө айдалгандардын тизмелери жана архивдик булактардан алынган материалдар камтылды, — дейт “Эсимде” долбоорунун жетекчиси Эльмира Ногойбаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер