КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ ОШМУда

  • 18.01.2021
  • 0

ОшМУда Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган жолугушу өттү.

Алгач окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Амановалар куттуктоо сөздөрүн айтып, жазуучунун чыгармачылыгы кийинки муундарга өрнөк болуп кала тургандыктарын баса белгилешти. “Кыргыз Туусу” гезитинин түштүк аймагы боюнча координатору Төлөнбай      Абдыразаков “К.Жусубалиев — модернист жазуучу”, профессор Гулина Жамгырчиева  “К.Жусубалиев — азыркы кыргыз адабиятынын жаңычыл өкүлү”, ф.и.д. Бактыгүл Темирова “К.Жусубалиевдин кыргыз адабиятындагы орду” деген темаларда  баяндама жасашты.

КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ ОШМУда

Жазуучунун чыгармачылыгына арналган баяндамалар менен катар КР Эл артисти Жолболду Алыбаев, КР Маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Бабаравшан Тургунбаев, КР Эмгек сиңирген артисттери Абдикерим Ахмедов, Манас Кожомжаровдун музыкалык чыгармалары тартууланды.

Өзгөчө стилде жазылган чыгармалардын автору Кубатбек Жусубалиев жолугушуунун алкагында өзүнүн турмуш жолу, чыгармачылыгы боюнча баяндап, окутуучулардын, магистранттардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы Алай районунда, Кердегей айылында туулган. Жусубалиевдин чыгармачылык ишмердүүлүгү 1960-жылдардан башталып, 1963-жылы алгачкы аңгемелери жарыяланган. 1967-жылы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген китеби жарык көргөн. «Толубай сынчы», «Улакчы», «Муздак дубалдар» өңдүү бир нече аңгеме, повесттердин автору.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер